БШК “Ыйман Нуру” саясый партиясынын тизмесинен дагы 1 талапкерди чыгарды

Бүгүн, 14-сентябрь күнү КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Муратбек кызы Айперини “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясый партиясынан депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, мындай чечим Муратбек кызы Айперинин 12-сентябрдагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жеке арызынын негизинде кабыл алынды. Ал партиялык тизмеде 15-орунда турган.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага жалпысынан 16 саясий партия катышат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *