Бүгүн 11-кабаттан кулаган кыздын абалы оор

6-ноябрда Бишкектин Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан 19 кабат имараттын 11-кабатынан кулап, курулуш пенопласттардын үстүнө түшүп, аман калган кыздын абалы оор. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Азыр ал травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат. “Баш мээси оор деңгээлде жараат алган. Абалы өтө эле оор, эсин жоготкон бойдон абалда”, – дейт аталган оорукананын доктурлары.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *