Видео – Бүгүн, 26-мартта Кыргызстанда таажывирусту жуктуруп алган учур катталган жок

Бүгүн, 26-мартта Кыргызстанда таажывирусту жуктуруп алган учур катталган жок. Бул тууралуу өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча таажывирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:

Ош облусунда – 20 учур,

Жалал-Абад облусунда – 19 учур,

Бишкек ш. – 3 учур,

Чүй облусунда – 1 учур,

Баткен облусунда – 1 учур.

“Таажывирусун жуктуруп алгандар менен 1328 адам байланышта болгон. Алардын ичинен үй-бүлөдөн болгон контакттар – 363. Ал эми калганы кошуналары, туугандары менен болгон байланыш. Кечээ биз дагы 2 жарандан таажывирус аныкталганын айтканбыз. 1 бейтап менен 5 адам, ал эми экинчиси менен 6 киши байланышта болгон” – деп кошумчалады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *