
Бүгүн, 28-июнга карата Кыргызстанда дагы 235 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 107 , Чүй облусунан – 43, Ош шаарынан – 33, Ош облусунан – 9, Нарын облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 15, Ысык-Көл облусунда – 14, Баткен облусунан – 13 катталган.
Муну менен 28-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 4748 учур катталды. Алардын ичинен 739 медицина кызматкери. Илдеттен 2242 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 47 адам каза болду.
Ой-пикир жок