Бүгүн Алмаз Атамбаевге дагы эки кылмыш иши тагылды

8-августта камакка алынган Алмаз Атамбаевге 7 айып тагылып жатканын кечээ, 13-августта Бишкекте өткөн укук коргоо органдарынын жетекчилеринин маалымат жыйынында УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев билдирген эле:

-Адам өлтүрүү аракетин уюштуруу

-Адам өлтүрүүнү уюштуруу

-Массалык баш аламандыкты уюштуруу

-Укук коргоо органынын кызматкерлерине карата зордук-зомбулук көрсөтүү

-Адамдарды барымтага алууну уюштуруу

-ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү

-мамлекеттик төңкөрүш уютуруу аракети

Ал эми бүгүн, 14-августта Аскердик прокуратура билдиргендей, Алмаз Атамбаевге дагы эки кылмыш иши тагылды:

-Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык кылмышка катышуу

-Кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуудагы коррупциялык кылмышка катышуу

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *