Бүгүн күндүзгү стационарларга 74 миңден ашык, ал эми түнкү стационарларга 6 миңден ашык адам кайрылган

Акыркы сутка ичинде күндүзгү стационарларга 1998 жаран келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 1320 дарыгер белгилеген инфузиялык терапиядан өтүп, 663 адам консультация алышты, 15 адам ооруканага жаткырылды.

27-28-июлга караган түнү 308 адам түнкү стационарларга кайрылышкан.

Акыркы учурда стационарларда өлүмгө учураган жагдайлар болгон жок, топ Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин баштапкы медициналык-санитардык деңгээлинде COVID-19 башкаруу жана дарылоо тактикасы боюнча иштеп жатышат.

28-июлга карата күндүзгү медициналык бөлүмдөргө 74 миң 2 адам келип түшкөн, алардын саны боюнча Биринчи Май району – (24 миң 441 адам), экинчи орунда Ленин району (20 миң 389), үчүнчү орун Октябрь району (15 миң 156), эң аз саны Свердлов районунда (14 миң 16).

Ал эми түнкү стационарлар ачылгандан бери 6 миң 952 жаран кайрылган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *