Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт

Бүгүн, 13-январда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөгүдөй:

Чүй облусу: күндүз: -2…+3, түнкүсүн:-2…-7

Талас облусу: күндүз: -1…+4, түнкүсүн: -3…-8

Нарын облусу: күндүз: -5…-10, түнкүсүн: -10…-15

Баткен облусу: күндүз: 0…+5, түнкүсүн: -4…+1

Ош жана Жалал-Абад облусу: күндүз: 0…+5, түнкүсүн: -4…+1

Ысык-Көл облусу: күндүз: 0…+5, түнкүсүн: -2…-7

Ал эми Бишкек шаарында: күндүз: 0…+2, түнкүсүн: -2…-4.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *