Бүгүн Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралат

Бүгүн, 14-декабрда, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу журналист Кубат Айбашов билдирди.

Анын айтымында, Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы саат 12:00до башталмак, анын ИИМде сурак берип жатканына байланыштуу убакыт жылып калган. Учурда ИИМде сурак берүүдө. «Равшан Жээнбековду сотко кайсы убакытта алып келээри азырынча белгисиз. Бирок, кеч болсо да алып келип, баш коргоо чарасын аныкташат, себеби, бүгүн 48 саатка камоо мөөнөтү аяктады”,- дейт К.Айбашов.

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда ИИМге суракка чакырылып, ага Кой-Таш окуялары боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу” беренелеринин негизинде шектүү катары камакка алынган. Дал ошол күнү Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулуп, бир топ адамдын аты аталган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков да бар болчу.

Равшан Жээнбеков 7-8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгон. Ал боюнча буга чейин ИИМге суракка чакырылган.

13-декабрда адвокат Замир Жоошев аны 48 саатка камашканын жана аны камоого негиз жоктугун айтып чыккан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *