Бүгүн “Республика-Ата Журт” фракциясы Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соода-сатык алакасындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесин талкуулайт

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда “Республика-Ата Журт” фракциясы Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соода-сатык алакасындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесин талкуулайт.

Ошондой эле отурумга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган бир катар министрлер, мамлекеттик кызматтардын төрагалары чакырылган.

Акыркы убактарда Кыргызстанда дүң базарларында айыл чарба азыктары кыйла арзандады. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев коңшу өлкөлөрдө түшүм мол болгонуна байланыштуу айыл чарба азыктарынын экспорттолбой жатканын айткан. Ал эми базардагы дыйкандар эмгеги акталбай калгандыгына нааразы.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *