Бүгүн Роза Отунбаева жумуш издеп Европага учуп кетти

Бүгүн, 6-сентябрда Роза Отунбаева Европага учуп кеткенин биздин булактар кабарлады. Айтымдарында Атамбаевдин кылык-жоругунан тажаган Роза Исаковна Батыш тараптан, эл аралык уюмдардан жумуш караштырып жүргөн экен. Азыр ЕККУнун Улуттук азчылык боюнча комиссары болуп ишке орношууга конкурска катышып жатыптыр. Эгер конкурстан өтүп кетсе “баарын Атамбаевге бердим” деп басып кетип калчудай.

Бир кезде, 2004-жылы эле Роза Исаковна ошол Батыш тарапта, эл аралык уюмдарда бир нече жыл иштеп жүрүп анан Кыргызстанга кайтып келген. Келгенинин себебин “мен сыртта көп жылдар иштеп жүрүп, Кыргызстандан алыстап кетипмин. Байкасам кыргыз бийлиги демократиялуу, адилеттүү бакубат өлкө кургандын ордуна бийликти менчиктеп алып, авторитардуу мамлекет куруп жатышыптыр. Мен ушул жагдай менен күрөшүүгө кайтып келдим. Биз ага жол бербейбиз, бакубат, эркин мамлекет курабыз” деп түшүндүрүп, саясый күрөшкө жеңин түрүнүп, катуу киришкен эле. Анан Акаев менен күрөштү, Акаевди кетирүүгө салым кошту. Бакиев менен күрөштү, Бакиевди кетирүүгө салым кошту. Бирок, бийликке алып келген адамы алардан да начар чыгып, көңүлү калды. Алтургай анысы “фокусник, самозванка президент” деп атады.

Мындан 12 жыл мурун Батыштан кайтып келгенде кандай Кыргызстанга туш келсе азыр да ошондой эле Кыргызстан турат. Конституцияны  өз ыңгайына жараша өзгөртөм деп жулунган бийлик да дал ошол эле кездегидей. Кудум ошол замандагыдай жанталашып, бийликти узурпациялап алганга жулунуп жаткандарын көрүп көп нерседен түңүлүп, эми кайра Батышка кайтканы чечим кабыл алыптыр.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *