Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Бүгүн Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөөрү күтүлүүдө
САЯСАТ

Бүгүн Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөөрү күтүлүүдө

Бүгүн, 16-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.

Бул жерде Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп, ага министрлер кабинети, сот тутуму, күч органдары жана президенттик администрация катышат.

Президенттин отставкасын кабыл алуу үчүн парламент кворум чогултушу керек.

“Президенттин расмий сөзүнөн кийин, парламент токтом кабыл алышы керек. Добуш берүү болбойт, эске алуу менен гана жүргүзүлөт”, – деп түшүндүрдү Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкага кетээрин жарыялады. Ал эми төрага президенттин милдетин аткаруучу кызматынан баш тартты.

БШК төрагасы иш сапар менен Нарын облусуна келди

FIDH: Аскаровдун иши адилет сот системасын шылдыңдоо болду

Мирлан Бакиров эми кыйратабы?