Резолюциядан – революциягабы?..

Президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги 2010-жылдагы “апрель революциясынын” күнүн тосууга аз убакыт калганда 2020-жылы бул датанын 10 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде, салтанаттуу белгилөө боюнча Жарлыгына кол койду. Демек, айрым “апрельчилердин” бул “революциянын” маани-маңызын жокко чыгаруу аракети уланып жатат деп айткандары суу кечпейт.

Ошол революциячыл маанайлардын табигый уландысы сыяктуу болгон, жана да экс-президент “Атамбаевдин бүтпөй калган иштерин улантамын” деп убада берген азыркы президенттик бийлик расмий түрдө жогорудагыдай жалааларды жокко чыгаргандай болду. Ошол эле учурда, бул “төңкөрүштүү-революцияны” азырга чейин мыйзамсыз, кылмыштуу, куралдуу путч катары баалагандар да азайган жок. Ал тургай, мурдагы “апрель баатырыбыз” деп саналгандардын айрымдары да өз көз караштарын 180 градуска буруп, мурунку жасаган иштерине өкүнгөнүн билдирген учурлар да орун алды…

Коомчулукта кайрадан эле 2010-жылдагы кандуу 7-апрелдин окуяларына калыс баа берүү аракети жасалып, бул процесс улам күчөп жатканы мыйзамченемдүү көрүнүш. Жалпы коомчулук тарабынан — ​ошол окуяларга түздөн-түз тиешеси бар катышуучулардан тартып, катардагы жарандар да кайдыгер калышпай, алиге чейин кээде кызыл чеке боло калганга деле барышып жатышканынын өзү эле, бул окуя өзүнүн так, калыс баасын ала электигин тастыктап турат.

Ким билет, балким, тээ алыскы, же жакынкы эле келечекте, Гаага трибуналы сыяктуу (азыркыдай, бир кездеги Югославиядагы кандуу окуялардын уюштуруучулары соттолуп жаткан сымал!), эл аралык кадыр-барктуу, калыс орган тарабынан биротоло жыйынтык чыгарылып, укуктук-мыйзамдык баа берилер?..

Азырынча полемикага түшкөн эки тарап тең объективдүүлүктөн тайып, бир жагы — ​бул төңкөрүш болгон, накта кандуу кылмыш дешсе, экинчи тарабы — ​жок, бул элдик революция деп айтканынан тайбай келет. Ортодогу калыс, эки тараптын тең жүйөөлүү аргументтерин иреттештирип, башкача бир жыйынтык чыгарууга далалат кылгандардын аракети эч байкалбай, андай пикирлер жалпы чуру-чууда чөгүп кетип, эч угулбай кала берүүдө…

Ал ортодо бул кандуу окуялар тууралуу улам жаңы маалыматтар, мурда белгисиз болгон далай фактылар ачыкка чыгып, элдин оозун ачырууда. Маселен, жакында эле Максим Бакиевдин эң жакын досу, анын иштеринин мээ-кыймылдаткычы деп эсептелинип келген Алексей Елисеевдин ошол окуялардын тегерегиндеги кеңири маеги жарыяланды. “24 kg” сайтындагы бул маек жогорудагы каршылашкан эки жээктегилерге караганда кыйла нейтралдуу көз карашты чагылдырып тургандыгы менен айрымалангансыйт.

Өзүн “Максимдин адамы” деп эсептеген, калыптанган пикирди жокко чыгарып, ал ыраматылык Медет Садыркуловдун чакыруусу аркылуу жогорку бийлик эшелонуна кошулганын айткан Елисеев азыркы кезде Латвияда ити чөп жеген ишкер-адвокат экенин белгилей кетелик. Кантсе да, мээси иштеген адам болгондуктан, качкын макамын алып, убактылуу ар кандай татаал кыйынчылыктарга кабылгандыгына карабастан, өзгө жерден ордун таап, жолу ачылып, кайрадан бутуна туруп, ийгиликтүү адвокаттардын катарын толуктап кете алган.

Бизди кызыктырганы — ​ал маектеги ушуга чейин такыр айтылбаган, белгисиз болгон фактылар гана. Мисалы, Елисеев өз коопсуздугун ойлоп, Алмазбек Атамбаевдин штабынын күч курамын түзгөн (!) блокко алдын-ала өз информаторун киргизип койгонун айткан. Ошол аркылуу бардык маалыматтарды өз учурунда алып турган.

Елисеевге ишенсек, анын информаторунун айтымында 7-апрелден алда канча мурда эле куралдуу төңкөрүш аркылуу бийликти басып алуу пландалган экен. Шаардын борборунда курал жана ок-дарылар катылган тайниктер жасалган. Айрым бир боевиктер кээ бир казинолорго кайтаруучу-сакчы катары расмий түрдө катталышып, курал жана атайын жабдыктар менен мыйзамдуу түрдө жүрүүгө мүмкүндүк алышкан.

Бул иш-чараларды уюштуруучулар сырт жактан көзөмөлдөп турушкан. Елисеев даярдалып жаткан куралдуу төңкөрүш тууралуу билген соң, тиешелүү адамдарга бул маалыматты жеткирген, а бирок, алар “баары көзөмөлдө турганын” айтышып, сокурлук кылышкан.

Андан ары Алексей Елисеев бийлик да, бийликке жутунган оппозиция да чет элдик атайын кызматтардын колундагы марионеткалар болуп беришкенин айтып, “Сиз Бакиевге жакын адам болгонсуз. Ал өзү, же анын иниси Жаныш адамдарга каршы ок чыгарууга буйрук бериши мүмкүн деп эсептейсизби? — ​деген суроого: “Аянттагы адамдарды атууга биздин мамлекеттен сырткары жакта буйрук берилген. Менимче, Бакиевдердин эл жана мамлекет алдындагы күнөөсү — ​ушундай кандуу окуянын болуп кетишине мүмкүндүк бергендигинде турат” — ​деп жооп берген.

Бир кыргыз тилиндеги популярдуу сайт дал ошол кезде кан төгүлүшүн самап, 6-апрелде Таластагы кагылышууда 10 чакты адам өлүшү керектигин талап кылган, аты аталбаган “белгилүү саясатчы” да болгондугун жазып чыкты.

Демек, көпчүлүк эл бул окуялардын уюшулушунун чыныгы себептерин жана өзгөчөлүктөрүн билбей, тек гана “массовканын” (Елисеев) ролун аткаргандыгына карабастан, ошол кара ниет “чет элдик заказчылар” менен түздөн-түз кызматташышкан жана биргелешип аракет кылышкан айрым бир саясатчылар да болгон деп боолголоого толук негиздер бар.

Кандайдыр бир ич жактан жардам беришкен, өлкөдөгү ички абал боюнча маалымат берип турган күчтөрсүз чет элдик “атайын кызматтар” миң ирет кыйын профессионалдар болуп кеткенде деле, эч жыйынтык чыгара алышмак эмес. Сирия жана башка “горячая точкаларда” жалданма (наемные силы — ​боевики) күчтөр кадимкидей реалдуу тарап катары согушка катышып жаткандыгын эске ала турган болсок, ошол чет элдик казиного жумушка орноштурулган боевиктерди алдын ала чакырып, акыларын төлөп берип, аларды финансылаган күчтөр дагы болгон сыяктанат.

Демек, “банк ячейкалары”, мародерлук сыяктуу кылмыштар (ошол эле Елисеев миллиондогон суммалар менен өлчөнгөн анын жеке каражаттарын жана анын кардарларынын каражаттарын Убактылуу өкмөттөгүлөр тоноп алышканын айтып, эми эл аралык сот аркылуу эсептешемин деп бекер опузалап жатпаса керек?!) дал ошол боевиктерди ыраазы кылып, “канааттандыруу” үчүн да жасалып кетиши толук мүмкүн.

Антпесе, каражатын карабай туруп ушундай кымбат баалуу чыгымдарды талап кылган операцияны заказ кылышканы үчүн, ал “заказчиктердин” өздөрүн да кошо талап-тоноп, андан соң атып кетпешине да кепилдик жок болчу!

Кандуу окуялардын келип чыгыш себептерин, аларга күнөөлүүлөрдү таап, жазалоо маселесине келгенде — ​дээрлик ошол кездеги бийлик тарабындагылар гана мыйзам чегинде жазаланып, алды түрмөдө олтуруп чыгып, айрымдары амнистияга кабылышып, кээ бирлери узак мөөнөттүү жазаларга өкүм кылынышканы маалым.

Чынын айтканда, оппозициячыл ошол кездеги лидерлердин айрымдарын да жоопко тартуу керек болчу. Анткени, ар кандай саясий провокациялар, элди алдын ала куралдандыруу сыяктуу аракеттер көрүлүп жатканы жөнүндө 7-апрелден алда канча мурда эле коомчулукта ачык сөз жүрө баштагандыгы белгилүү. Соттук териштирүүлөрдө бул жагдайлар жетише иликтенгенби, же жокпу? — ​бүдөмүк бойдон кала берди!

Кечээ “Форум-Медианын” алдында өткөн митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев: “Ата-журтубуз момундай кыйын мезгилге келгенде, Ата-Журтубуз 1,5 жыл ичинде мына, Бакиевдик командага кайра келгенде жүрөгү таза адамдар, Кыргызстандын келечегин ойлогон адамдар үйүндө жыргап олтура албайт, жыргап жашай албайт. Биз баардыгыбыз тең Кыргызстандын келечеги үчүн күрөшүүбүз керек” — ​деп билдирүү жасады. Бул сөздөрдөн жаңы, кезектеги кандуу “революция” жыттанып жаткан жокпу?

Жогорку Кеңеш экс-президенттин статусуна байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Кудай алдында тазамын!” — ​деп, буга чейин далай ирет жадыбалдай кайталаган сөзүн өзүнүн тарапкерлеринин партиясынын съездинен соң дагы бир нече ирет эске салды. Бул пассаж эмитен эле прокуратура, тергөө, сот органдарына карата алдын ала айтыла баштаган актануулардай угула баштады.

А бирок, азыркы динди ашыра спекуляциялык куралга айландырып, туш келген жерде эле Кудайды оозангандардын заманында мындай тастыктама аздык кылып калды. Эгерде зарылдык жарала турган болсо — ​сен мыйзам алдында тазасыңбы, же жокпу — ​дал ушуну тастыктап беришиң керек. Ошондон кийин гана, мен мыйзам алдында да, Кудай алдында да акмын десең жарашат!..

Дегеле, экс-президенттин логикасына (эгерде ал бар болсо!) түшүнүү өтө татаал маселеге айланып калды. Бир жагынан келишкис оппозицияга өткөнүн жарыялайт да, экинчи жагынан, Алмазбек Атамбаев: “…элдешели деп канча киши жөнөттүм. Тескересинче күнөөсү жок балдарымды камап салды. Эми атып башташын күтүп жатабыз. Бир жарым жылдын ичинде Бакиевдин заманы келди” — ​деп какшап жатат.

“Күнөөсү жок балдарымды камап салды” деп айткыдай, экс-президент эми өзүнө соттук функцияны да ыйгарып алганбы? Ошончолук эле күнөөсүз экенине ишенсе, деги эмнеге эле мынчалык күйүп-бышууда?

Деген менен, экс-президент кээде (кээ бир бытырама октордун да айрымдары бутага кокусунан тийип калган сымал) таамай сүйлөп койгон учурлары да кездешип калат. Мына, ошол эле “апрелчилер митингинде” айткан сөзү: “Бир барак кагазды жаза албаган депутаттар мага акыл үйрөтөт, биринчи чимкиригиңерди тазалап алгылачы…” — ​дептир!

Көрсө, депутат Рыскелди Момбеков өзү мойнуна алгандай, эки ортодо талтайып туруп калып, бул абалына абдан эле кыйналып кеткендиктен “экс-эки досторго” эми элди кыйнабай, эдешпейсиңерби?! — ​деген сыяктуу сунушту ачык эле таштаптыр.

“Сен ким элең? Ким болдуң?!” — ​демекчи, “апрель революциясынан” соң өздөрүн абдан чоң саясатчы, коомдук таасирдүү фигура сыяктуу санап алышкандар абдан көп болуп кеткен болчу. Мына, эми гана алардын чыныгы саясий салмактары, коомчулук арасындагы таасирлери аныктала турган учур жакындап келе жатат.

СДПКнын (атамбаевчилер тараптын) оппозиция жээгине өткөндөн берки тагдыры азыркы бийликтин кадамдары менен да тыгыз байланыштуу болору шексиз. Тагыраак айтканда азыркы расмий бийлик канчалык көп каталарды кетирип, чабалдыгы тастыктала берсе, аларды сындаган оппоненттеринин салмагы да арта берери түшүнүктүү.

Ал эми азыркы кырдаал сакталып, сөз эркиндиги, соттордун көз карандысыздыгы, коррупция менен күрөшүү сыяктуу позитивдүү жагдайлар экономикалык өсүү, жылыштар менен коштоло турган болсо — ​бул ойлонуп табылган, өзүнүн альтернативалуу программасы да, стратегиясы да жок алсыз оппозиция өзүнөн-өзү жок болуп, 2020-жылдагы парламенттик шайлоолордо эч кандай ийгилик жарата албасы бышык.

Демек, “Атамбаевчилердин” митингдин аягында резолюция кабыл алып, анда ультимативдүү талаптар коюлуп, эгерде ал талаптар аткарылбаса — ​дагы эки айдан кийин масштабдуу митингге чыгышарын жарыя кылып жатышканы бекеринен эмес. Болжолдуу алганда, дал ошол убакта азыркы чуулгандуу коррупциялык соттук териштирүүлөргө да чекит коюла баштайт. Демек, “күнөөсү жок туруп, узак мөөнөткө кесилди” деп нааразы болгондордун катары дагы кыйла калыңдайт. Кыскасы, коомдук-саясий жагдайды курчутууга оңой шылтоолор да, бекер тарапкерлер да табылат…

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *