Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешке 5 партия өттү

Бүгүн, 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун Бишкек шаары боюнча жыйынтыгын алдын-ала эсептөөнүн негизинде Бишкек шаардык кеңешке 5 партия өттү.  Бул тууралу КР Борбордук шайлоо комиссиясы билдирүү таратты.

КСДП – 24,89% (32.295 добуш алган)

«Республика – Ата Журт» – 23% (30.969 добуш)

«Өнүгүү-Прогресс» – 15,2% -(19.000 добуш)

«Мекеним Кыргызстан» – 13,03% (16.909 добуш)

«Кыргызстан» – 9,34% (12.124 добуш алган)

Калган партиялар шайлоочулардын  7%дан төмөн добуштарын алгандыктан мыйзамдагы тосмону өтө албай шаардык кеңешке кирбей калышты. Жалпысынан Бишкек боюнча 129.705 шайлоочу добуш бергенин КР БШК билдирди.

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *