Бухгалтердин катасынын айынан бир топ маданият кызматкерлери айлык акыларын албай калган

Бул тууралуу 7-ноябрда маданият кызматкерлери билдирди. Туризм, маданият жана маалымат министрлигинин бухгалтериясы ката кетирип, Бишкек хоеография окуу жайынын, Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайдын, көркөм окуу жайдын, маданият министрлигинин бала бакчасынын кызматкерлери айлык албай калышкан. Бул маалыматты өкмөт аппараты да тастыктады. Кызматкерлердин айлык акылары дүйшөмбү күнү которулмакчы.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *