Бүкөн Султанбекова: Дүйнөлүк залкар жазуучу Чынгыз агам менен бала кезибизде бир көмөч нанды чогуу жечүбүз

(Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын тургуну 84 жаштагы Бүкөн Султанбекова апанын эскерүүлөрүнөн)

          Быйыл дүйнөлүк улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси ак мөңгүлүү Ала-Тоосун жердеген ак калпак кыргыз элинде эле эмес коңшу Казахстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, ары жагы Орусия, Түркия, ошондой эле океандын ары жагындагы үлкөн мамлекеттерге чейин белгиленип, улуу сүрөткердин өмүр баянына, чыгармачылыгына арналган ири масштабдагы иш-чаралар, илимий конференциялар биринин артынан бири байма-бай өтүп жаткандыгын массалык-маалымат каражаттарынан окуп, көрүп, билип жатпайбызбы. Ооба, Чынгыз Айтматовдун өмүр баяны, чыгармачылык чыйыр жолу, анын жазып калтырып кеткен роман, повесттери улам мезгил өткөн сайын биз үчүн табылгыс таберик, ыйык мурас катары кызмат өтөп, жаш жеткинчектерге “Саманчынын жолундагы” жылдыздай жаркырап, келечекке жарыгын чачып тургандыгы менен баалуу, кайталангыс руханий дөөлөт болуп турат.

Улуу жазуучунун балалык чагын, өспүрүм студенттик кездерин аны менен секелек кезинен бери бир тууган катары  бирге өскөн, азыр Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын тургуну 84 жаштагы Бүкөн Султанбекова апа жай эскерип олтурду: – Ии баса, мен Чынгыз агамдын кантип байпактарын жууп, кыздарга жазган каттарын кантип ташыганымды айтып берейинчи – деп калды Бүкөн апа – колундагы ысык чайын дасторконго шашпай коюп  жатып – Анда 1950-1951-жылдар болчу. Ал учурда Чынгыз агабыз ошол убактагы айыл-чарба институтунда зоо-ветеринардык факультетте окуп жүргөн. Күндөрдүн биринде эле биздин айылга жайкы практикага келип калды. Биздин үйгө кирери менен эле кичинекей чемоданын ачып, кийимдерин пар үтүк менен үтүктөп, ирети менен бүктөп кайра салып койду. Ал абдан тыкан, жыйнактуу адам эле.Мен анын байпагын жууп, каттарын ташыгам. Анда мен мектепте окучумун. Ооба, ал кезде Чынгыз агабыз шаардагы кыздар менен кат алышып турчу. Ошол каттарды мен ташыгам. Айтматовдун “Эрте жазда келген турналар” деген мыкты жазылган повести бар го. Анда повесттин башкы каарманы Султанмурат, Мырзагүл бийкечке кат жазып, анын жообун күтүп абдан зарыкчу эле го.  Азыр ойлосом Чынгыз агабыздын бардык чыгармалары реалдуу турмуштан алынып жазылган турбайбы. Жазуучу өзү да, бала чагында улуулардын катын ташып,  сабаты жоюла элек байкелеринин каттарын да, жазып берер эле.

Ошентип Чынгыз байкебиз биздин үйдө алты ай жашады. Бир үйдө ага-карындаштай болуп, өтө ынтымакта чогуу жашадык. Кээ күндөрү менин  мектептеги окуума, сабактарыма кызыгып, тигил же бул үй тапшырмасын аткарууга да жардам берип турчу.  Согуштан кийинки кыйын учурлар эле. Чынгыз агабыз эрте туруп, чарбага практикасына жөнөчү. Студент болсо да абдан зээндүү, иш билги экенин ушундан билиңиз, ар дайым чарбада иштеп жаткан мал жандуу адамдар, коңшу – колоңдор өзүлөрүнүн уй-жылкысы болобу алып келишип, дарылатып, ар кандай оорулардан айыктырып кетип турушчу. Ал жаш болсо да абдан адамгерчиликтүү, боорукер, жүзүнөн нуру төгүлгөн ыймандуу адам эле. Чынгыз агабыз менен бир көмөч нанды чогуу бөлүп жеп чоңойдук. Өзүнө окшогон жакшынакай жоро-жолдоштору да бар болчу. Алар менен биздикине келип, көпкө чейин сүйлөшүп, айрым учурларда чогуу жатып, түнөп калган учурлары да болгон. Бирок ичимдик дегенге такыр жолобой, бейчеки иш кылгандан оолак болуп, сыпайы жүрүм—туруму менен бизди тарбияга чакырчу.

Анан улуу жазуучу, ал кезде студент Чынгыз агабыз балалык кезде башынан өткөн кызыктуу окуяларды азил-тамашага салып, бизди күлдүрүп айтып берер эле. Чынгыз агамдын өз оозунан уккан бир-эки окуяны айтып берейин: Бул окуя Суулуу-Маймакта эжесинин баласы экөө мектепке окууга катташкан учурда болгон экен. Эжеси дайыма экөөнө белине нан ороп берет, ачка болушпасын деп. Бирок, күндөрдүн бир күнүндө Чынгыз агабыз чоң суудан өтөрдө иниси менен келишим түзөт. Белиңде түйгөн наныңды берсең ушул чоң суудан көтөрүп өткөрөм деп. Анан инисинин нанын бөлүп жешип, аны чоң суудан көтөрүп өткөргөн экен. Бирок, кантсе да иниси да, мектепке барганда чыдай албай өзүнүн нанынан да инисине көбүрөөк бөлүп берип, жакшы камкордук көрсөтүп жүргөн тура.Чынгыз агабыз айтып берген дагы бир окуясы эсимден кетпейт.

Анда улуу жазуучунун кичинекей балалык кези тура. Айымкан чоң энеси менен жайлоого барып балдар менен ойноп жүргөндө анда “Дон” айгыры деген асыл тукум айгыр уу чөп жеп өлүп калат. Райондон келген орус ветеринарга тилмеч, котормочу керек болуп калганда, ошол жердеги жылкычылардын бирөө Айымкан апанын небереси орусча билет, ошого кайрылып көрөлүчү деп ойноп жүргөн Чынгызды чакырып калышат.Ошол жылкычылардын айтуусу боюнча кичинекей Чынгыз айгырдын эмнеден жана кантип өлгөнүн которуп берет. Ветеринар орус кичинекей Чынгыздын  Дон айгыры эмнеден өлгөндүгү тууралуу орусча которуп айткандары боюнча акт жазып кетет. Ошол жерде Чынгызга ыраазы болгон аксакалдар которуп бергендин акысына майлуу жилик карматышат. Жиликти алып сүйүнгөн Чынгыз аны өзү менен бирге ойногон балдар менен бөлүшүп жейт. Бул жөнүндө Чынгыз агабыз өзү да “ошол аксакалдардан алган майлуу жилик менин биринчи гонорарым болчу” деп сыймыктануу менен айтып калчу.

. Айымкан чоң энеси да буга абдан сыймыктанып, эл арасында сөөлөт күтүп, көтөрүлүп калган экен.  Мына ушул кичинекей жана сыймыктуу окуялар улуу жазуучунун “Манас Атанын ак кар, көк музу” аттуу биографиялык очеркинде да жакшы эскерүү катары жазылып калганы бар.

Чынгыз Айтматовдун өзү ошол жөнүндө минтип эскерет. “Тагдыр мага эки тилди билүү насибин буйруган экен. Бирөө эне тилим, экинчиси он сегизинчи кылымдан бери, эки жүз жылга жакын убакыт биз менен кошо жашаган, тагдыр таалайыбызга кошо жазган орус тили. Орус тили биздин Түркстандын тарыхый, маданий өнүгүүсүнө үлкөн үлүш кошту”. Азыр ошол улуу жазуучу Чынгыз агабыз сүйгөн жана сүйлөгөн эне тили биздин мамлекеттик тилибиз, ал эми орус тили расмий тил катары кыргыз элине кош жылдыздай кызмат өтөп келүүдө.

Мына ушулар жөнүндө чачтарын ак бубак баскан Бүкөн апабыз сыймыктануу менен эскерип олтурду:-Кийин мен Фрунзеде жогорку окуу жайда окуп калганда Чынгыз агабыздын үйүнө барганымда Нагима апам мага ар дайым беш бармак жасап бергени эсимен кетпейт – дейт Бүкөн апа сөзүн улантып – Мен андан кийин да барганымда “эмне менен келдиң” деп сурап, үйгө сөзсүз машине менен жеткиргенин унута албайм.  Чынгыз агабыз ар дайым эле элдин баарына жардам бергенди жакшы көргөн, эч качан колунан келген жардамын аяган эмес .

Бизге улуу жазуучу жөнүндө эскерүүлөрүн айтып берип олтурган Бүкөн апанын атасы Султанбек кезинде Чынгыздын атасы Төрөкул Айтматов менен замандаш гана болбостон, жакын тууганы катары да, бири-бирине туугандык жардамдарын көрсөтүп турушкан улуу инсандар болушкан экен. Чынгыз агабыздын бир тууган карындашы Роза Айтматова эжебиздин “Тарыхтын актай барактары” аттуу  китебинде Султанбек ата жөнүндө да төмөнкүдөй эскерүү саптары бар экен: “1921-жылы Сырдарыя обком комсомолунун съездине делегат болуп Төрөкул Айтматов Ташкент шаарына барат. Ал андан ары Ташкенттеги советтик-партиялык мектепте окуганга калмак. Бул мезгил атасы Айтмат каза болгондон кийинки мезгил экен. Ташкентке барууга акча каражаты жетишсиз эле. Ошондо Моңолбаев Султанбек деген тууганы жардам берет. Султанбек өзү орусча, кыргызчаны жакшы билип, ал кезде Талас облусунун масштабында чоң кызматтарда иштеп жүргөн. Анын Актоту деген аялынын “Зингер” маркасындагы тигүү машинесин күрөөгө коюп, ошол акчага Төрөкулду Ташкентке жөнөтөт. Кийин ал машинени кайра алышат. Азыр ал буюм Султанбектин кызы Бүкөндин үйүндө: ата-энесинен эстелик катары кадырлап сактап жүрөт. Бүкөн эженин айтуусунда Төрөкул Айтматовдун Ташкенттен жана Москвадан Султанбекке жазган каттарын Актоту апа сандык түбүндө ондогон жылдар бою  сактап жүргөн. Султанбек ата да, 37-жылы репрессияга дуушар болуп, атылып кеткен”. (Роза Айтматова “Тарыхтын актай барактары” 190-191-бет”)

Төрөкул Айтматов Ташкентте үч ай окуган соң, анын окууга болгон ынтызарлыгын жана жөндөмдүүлүгүн эске алып аны Москвадагы Чыгыш Эмгекчилеринин Коммунисттик университетине окууга жөнөтүп, ал жерде 1921-жылдан 1924-жылга чейин төрт жыл окуйт.

Мына ушулар жөнүндө 84-жаштын тамагын ичип жаткан Бүкөн Султанбекова апа Роза Айтматованын китептеринен да мисал келтирүү менен жакшынакай элестүү кылып айтып берди. Чынгыз Айтматовдун  тууганы, замандашы болгон Бүкөн апага узун өмүр каалап, анын улуу жазуучу Чынгыз агабыз жөнүндө убагы келгенде дагы кызыктуу окуяларды айтып берет деп терең ишенебиз.

Мухамеджан Суранчиев – журналист,

Төлөгөн Наралиев – Бүкөн Султанбекова апанын баласы.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *