Бул дүйнө – бир аманат жай

Чыгыш эли акылмандыкты туу тутуп жашаган. Нускалуу икаялары жаштарды эмгекке, адамгерчиликке, ата-энени урматтап-сыйлоого үндөйт. Ачкөздүктөн, дүнүйөкорлуктан, жалкоолуктан, ичи тардыктан алыс болууга чакырат. Чыгыш элдеринин классикалык мурастарынын бири “Кабус-наама” мындан 10 кылым мурда жаралган. Ошондон бери түпкү маңызын жоготпой, адамдык баалуулуктарды байытууга салым кошуп келет. “Кабус- наама” ошол XI кылымдын көөнөрбөс көркөм дөөлөттөрүнүн бири.

Чыгарманын автору Кайкабус Каспий деңизинин түштүк жээгин байырлаган гилан элинен. Унсурал Маолий Кайкабус бинни Искандар бинни Кабус бинни Бушмагир өзүнүн бул “Насыйкат китебин” уулу Гилан шахка арнады. Ал перзентине: -Уулум! Мен карыдым. Күүдөн-күчтөн тайдым. Сапарым карып калды. Эс тарткандан баштап көз жумарга чейинки көргөн-билгендерди жазсам, өзүнчө бир китеп болор. Бул китепти жок кылууга элдешпес кас душмандын да дити барбас… Ошондуктан, уулум, карылыкка моюн сунуп, бир бутум төрдө, бир бутум көрдө турганда айткан акылымды ук. “Жыртык бүтөлөт, ийри түзөлөт. Аракет кылсаң, берекет болот, кедерги кетет, кемтик толот. Ат оонаган жерде түк калат”,- дешет. — Уулум!.. Жамандын артынан чуулгандуу из калат, жакшынын артында даңазалуу сөз калат”. Ушулар тууралуу эки ооз сөз айттым, аны эшит. Таалим алгын, тарбия алгын. Аталык мээрим менен сага жасаган кызматым, калтырган керээзим ушул болсун”,- деген нуска кеп айтты. Анда эмесе, төмөндө Кайкабустун уулуна гана эмес, бардык куйма кулактарга арналган “Кабус-наамадан” айрым саптарды сунуштайбыз.

Ата-эне — даракка, перзент — мөмөгө окшош

  • Уулум! Баамчыл, зирек бол. Менин акырет көздөй кетишиме аз калды, насибиң түгөнсө, сен дагы артымдан жакында жөнөөрсүң… Бул дүйнө бир аманат жай эмеспи. Эмнени эксең, ошону оросуң. Кандай сөз сүйлөсөң, ошонун жообун угасың…
  • Уулум!.. Эмне үчүн мен ата-энемди зыяпаттап жатам деп көңүлүңө күдүк кетпесин. Сезгин! Алар сен үчүн өлүмгө да даяр… Эгер ар бир перзент баамчыл жана зирек болсо, ата-эненин мээр- шыбагасына карк болуп, алардын айтканын аткаруудан баш тартпайт. Ата-эненин милдети – сени бөпөлөп өстүрүү жана сага жакшылык кылуу.
  • Уулум! Эсиңде болсун! Ата-эненин көңүлүнө азар бербегин. Алардын жүрөгүн кайгы менен азапка кириптер кылбагын. Ата-эненин жакшылыгын билбеген адам адатта бирөөнүн жакшылыгын да баалай албайт. Сен өз перзентиңден урмат-сый көрүүгө үмүткөр болсоң, өзүң дагы ата-энеңди урматтай билгин. Арийне сен ата-энеңе кандай ызаат көрсөтсөң, перзентиң да сага дал ошондой урмат көрсөтөт. Перзент — мөмөгө, ата-эне – даракка окшош: даракты жакшы баксаң, мөмөсү даамдуу, таттуу болот. Ошол сыяктуу эле ата-энеңе көбүрөөк урмат- сый көрсөтсөң, алар да сага деген ак батасын аяшпайт…

Бардык өнөрдөн сөз өнөрү жогору

  • Малың жок караманча томаяк болсоң да, акыл жагынан бай болууга аракеттен. Мал топтоп дөөлөттүү болгончо, акыл топтоп аброюңду көтөр. Дегеним акыл менен мал топтоого болот, бирок да мал менен акыл топтоого болбойт. Акыл – отко күйбөйт, сууга чөкпөйт.
  • Айрыкча өнөр үйрөнүүнү намыс көрбө. Анткени даанышман Сократ: “Өнөрдөн мыкты, билимден улук эч нерсе жок. Уяттан катуу нерсе, кызганычтан жаман душман жок” дептир.
  • Өнөрсүз адам ар дайым өксүк болот. Эч кимге пайдасы тийбейт, тек денеси бар, саясы жок куураган жүзүм жыгачына окшош келип, өзүнө да, өзгөгө да саябаны жок болот. Эгерде адам бийик даражалуу, тектүү уруудан болуп өнөрсүз болсо, калың букаранын урмат-сыйынан ажырап куржалак калат.
  • Ошондой эле татынакай өнөрүңө бийик беделиң айкалышпаса дагы жакшы эмес. Жорук-жосунуң эсте калаарлыктай ашкере мыкты болсо, ага сыймыктанбагын. Анткени сырткы сулуулугуңа өнөр сулуулугуң шайкеш келбесе, ал дагы эч нерсеге арзыбайт.
  • Акыл менен өнөр каухар сындуу нерсе. Ошондуктан бул эки каухардын ээсин тапсаң, аны этектен ал. Мындай адам бардык нерсенин өтөсүнөн чыгат, аны колдон чыгарбоого аракет кыл. Эсиңде болсун, бардык өнөрдөн сөз өнөрү жогору турат.
  • Сөздү ыгы келгенде орду менен сүйлө. Орунсуз айтылган сөз канчалык жагымдуу болсо дагы өөн учурайт. Кыябын таап сүйлөгүн, анткени ойлонбой сүйлөсөң, ооруга чалдыгасың. Эгерде сөзүңдөн пайдалуу бир нерсенин жыты келип турбаса, мындай сөздүн айтылбаганы ийги. Даанышмандардын мындай бир айтканы эсимде: “Сөз деген таттуу шербет сыяктуу. Ага кумарлансаң баш оору пайда болот. Бирок ошол сөз баш ооруга шыпаа дагы болот”.
  • Курулай сөздөн сактан, бирөө сенден билбегенин сураса, туурасын айт. Сенден акыл сурабаган адамга насаат айтпа.
  • Жылуу сөзүңдү аяба. Калк жылуу сөздү эшитпесе, сөз кудуретине сыйкырланбайт эмеспи.
  • Кыйкырып сүйлөбө, акырын, жумшак-майын сүйлөөгө аракеттен. Өзүң да бирөөнүн сөзүн астейдил ук.
  • Бөтөн тил менен сүйлөбө, эки анжы ойду ойлобо. Буудай деп арпа сартпа. Ар бир иште адилеттүү бол…

Бизди түгөнгүс түбөлүк уйку күтүп турат

  • Башыңа мүшкүл түшкөн учурда да жакшылыктан үмүт үзбө.
  • Эч бир пенденин мээнетине кыянаттык кылба. Ар бир адамдын алына жараша мээнетин баала.
  • Уулум, эсиңде болсун, ар күнү бейтааныш адамдарды коноктой бербегин. Күндө конок чакырсаң, көңүлдөгүдөй камылга көрө албайсың.
  • Коноктор сенин үйүңдүн астанасын аттаар замат бүт үй-бүлөң менен алардын алдынан жайдары тосуп, жылуу сөз менен кабыл ал.
  • Эгерде бышыкчылык маалы болсо, тамактан мурун жемиш кой. Саамга сабыр кыл, алар маза кылып ырахаттанып жешсин.
  • Ар кандай адамдарга конок болуп бара бербе, анткени айрым учурда орунсуз конок болуу бедел-мартабаңдын жогорулашына залалын тийгизет.
  • Конокто, туугандарыңдыкында же өзүм дешкен досторуңдукунда болсун, өз ордуңду таап отур.
  • Уулум, назар салып угуп ал! Даанышмандар уйкуну чакан (кичик) өлүм дешкен. Анткени уктаган адам өлгөн адам менен барабар. Экөө тең бул жарык дүйнөдөн кабарсыз, бейкапар.
  • Арийне адам уктап жатканда ага тирүү же өлүк деп өкүм чыгарышка болбойт. Себеп дегенде өлгөн адамга да, уктап аткан адамга да өкүм жок.
  • Көп уктоо зыяндуу болгондой эле, кем уйку да залалын тийгизет.
  • Биз өмүрүбүздүн көп бөлүгүн ойгоо өткөргөнүбүз ийги. Анткени алдыбызда түгөнүп бүтпөс түбөлүктүү уйку күтүп турат эмеспи…

Нурзада Ташбаева

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *