Булак: Бадахшан автоном облусунун бейрасмий лидерлери Душанбеге сапарын өздөрү пландаган

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бейрасмий лидерлери 20 жылдан бери көрө элек Душанбени көрүү үчүн өлкө борборуна келишти. Бул тууралуу Тажикстан өкмөтүндөгү өз булактар билдиришти.

Буга чейин Толиб Аёмбеков, Ёдгор Мамадасламов, Мунаввар Шанбиев жана Зоир Ражабов Хорогдон Душанбеге барып, президент Эмомали Рахмондун кабыл алуусун өтүнүп жаткандыктары кабарланган. «Алар уюшкан кылмыштуу топтун башчылары экендиктери тууралуу мамлекеттик ЖМКлардагы билдирүүлөргө капа болуп, президентке кылмыштуу топторго эч тиешеси жок экенин далилдөөнү каалап жатышат», — деди автоном облустан келген адамдардын өкүлү.

Тажикстан өкмөтүндөгү өз булактын билдиришинче, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бейрасмий лидерлери борборго өзүлөрү келген, алардын сапарына бийликтин тиешеси жок.

«Алар өз аймагынан акыркы 15-20 жылдан бери чыга элек болчу. Тажикстан — алардын мекени, алар өлкөнүн каалаган жерине барып, башка аймактын жашоочулары менен сүйлөшө алышат. Учурда төртөө тең Душанбеде жүрүшөт», — деди булак.

Өткөн жумада Тажикстан бийлиги автоном облустун бейрасмий лидерлеринен кылмыштуу аракеттерден баш тартууну талап кылып, болбосо аларга карата катаал жазалар колдонула турганын эскерткен.

Бадахшан телеканалы билдиргендей, мындан соң алар бийлик тарабынан даярдалган документтерге кол коюп беришкен.

Анда бийликтин кылмыштуу топтордон баш тартуу, ошондой эле жаштарды массалык башаламандыктар менен мамлекеттик объектилерди басып алууга чакырууну, бийлик өкүлдөрүн кемсинтүүнү, маңзат жана курал-жарак сатууну токтотуу талаптары жазылган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *