Бурулайдын өлүмү, кыргыз салтына бурулуш алып келеби?

Жүрөк ооруткан окуя

Кыргыз элиндеги ала качуу салты кыргыздын канына алмуздактан бери сиңип келгени ырас. Бирок бул салт акыркы ааламдашуу дооруна жараша өзүнүн таасирин жоготуп, салт болуудан калып келаткан. Ошентсе да,  канга жедеп сиңген  бул салттын саркындысы коомго кадимкидей таасир берип, уу-дуу кылып койчу күчкө эгедир болуп турат. Буга 27-майда ала качуунун курмандыгы болуп, гүлгүндөй жыйырма жашында мыкаачы жигиттин колунан өлгөн Бурулай Турдали кызынын аянычтуу тагдыры анык далил болуп берип турат. Кайгылуу окуя тууралуу маркум кыздын атасынан айткандарына көңүл чаптыралы. — “Кызым дүкөнгө чыкканда ала качып кетти. Мен машинемди айдап чыгып, артынан кууп жетпей калдым. Милиция чакырып, алар постторго маалымат берилгенин айтышты. Мен Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө барып, арыз жазып, эки сааттай кармалып калдым. Андан кийин машине Сосновкадан кармалганы тууралуу маалымат келди. Тергөөчү мага чалып, “алып качкан бала кармалды, КараБалтага келип, кызыңызды алып кетиңиздешти.    Беловодское айылына жеткенибизде дагы бир жолу чалып, апасы менен сүйлөштү. “Апа, келе жатасыңарбы?” деп сураптыр. Ошондон кийин эле телефону өчтү. Мен бычак сайган бала тергөөчүгө акча бергенби деп ойлоп жатам. “Экөөбүз жакшыбыз, атаэнеси каршы болуп атат, сүйлөшүп алалыдеп тергөөчүнү алдаганбы, ким билет? Тергөөчү экөөнү бир бөлмөгө таштап чыгып кетиптир да. Ал бала эшикти ичинен бекитип алып ачпай, кызыма бычак сая бериптир. Кекиртегине, жүрөгүнө, ичине сайып, кыйнап өлтүрүптүр. Кызымдын сөөгүн карасам, көкүрөгүнөН+Бдеп бычак менен жазып, крест тартып коюптур. Он чакты күн мурда Нурлан аттуу бала кызыма сөйкө салып, кудалап кетишкен»

Мына сыздаган атанын окуя туралуу айтканы. Мындай тагдырды Кудайым эч кимдин башына түшкүлүк кылбасын. Баарынан жаманы ушул окуянын башка жерде эмес, милициянын имаратында ишке ашканы кыргыз коомчулугун дүрбөлөңгө салып, дүйнө өлкөлөрүнүн  бир тобун таңкалдырып койду. Бул трагедия дүйнөлүк ЖМкларда да байма-бай жазылып, чоң талкууга түштү. Демек, бул окуянын өзү Кыргызстанды дүйнөгө артта калган жапайы өлкө катары, ал эми милициясы өз элин коргой албаган эң алсыз, эң жоопкерчиликсиз катары сүрөттөп бергендей болду. Бир сөз менен айтканда, билгенге бетибизге көө сүйкөлдү.

10 жылга кесилем деп ойлобогон ойрондор…

Кыргызстанда 2012-жылдан бери кыз ала качкандарды жоопко тарткан мыйзам иштей баштаган. Кылмыш кодексинин 154-155-беренелерине ылайык, кызды эркине каршы ала качып, никеге турууга мажбурлагандар беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бирок буга карабастан ала качуу салты таптакыр күчүн жоготуп койгон жок. Дале болсо айрым кездерде ала качуу салты ийгиликтүү ишке ашып келет. Ал тургай айрым маалыматтарда күнүгө Кыргызстандын аймагында 10го чейин кыз ала качуу катталат экен. Кыздын эрки менен эсептешпеген эргулдар ала качуу жолу менен аял алуу аракети аны 10 жылга чейин эркинен ажыратып коёрун эрөөн-төрөнгө албай,  эс-акылы жок немедей эдиреңдеп жаткандары кимди да болсо ойго салбай койбойт. Бул мыйзам эмнеге күчүнө кирбей жатат деген суроо туулбай койбойт. Буга жооп табуу анчалык кыйынга турбайт. Эмнеге дегенде бизде көп учурда мыйзамдан да жогору турган кыргызчылык деген өзүнчө бир кепке –сөзгө келбес нерсе бар. Бул нерсенин арты эмне менен бүтөрүн билип турса да, көбүбүз ошол кыргызчылыктын кудуретинин алдында көп учурда алсызпыз. Анткен  менен, кыргызчылыктын да жакшы жактары жок эмес. Үмүт жандырган учурлары кездешет. Ошондуктан, ала качуу боюнча кабыл алынган мыйзамдын күчүнө кирбей жаткандыгы дал ушул кыргызчылыкка да түздөн-түз байланыштырсак болот. Жогоруда аайткан күн сайынкы 10 ала качуу дегенибиздин дээрлик баары тең эле ошол кыргызчылык деген салт менен ич ара жабылып, иш сотко өтпөй калат. Сотко чейин жеткендери саналуу гана.  Мына ушундай кыргызчылык өз күчүндө турганда, мыйзам алсыз болуп турар…

Кызматтан бошотуу катуу жазага киреби?!

20 жаштагы мыкаачылык менен өлтүрүп, денесине Н+Б деп жазган кылмышкер Марс Бөдөшөв бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да өз жазасын алаар. Буга ишенсек болот. Ал эми ушул төбө чачты тик тургузган кылмышка жол ачып берип койгондор кандай жаза алды? Бул да кайдыгер карабай турган маселе болуп турат. Себеби, жаза берилбесе бийликтин аброю кетип, эл наалатына калаар. Бурулайдын өлүмү карапайым адамдан баштап падыша Сооронбай Жээнбековдун да көңүлүн бурду. Ажо премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып, дал ушул кайгылуу окуяны тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөрдү катуу жазалоо тапшырмасын берди. Мына ошондон кийин ИИМ бир аз чечкиндүү чара көргөндөй болду. Бул боюнча маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы таратты. Ички иликтөө кызматы Жайыл райондук милиция бөлүмүндө 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлтүрүлүшү боюнча териштирүүнү аяктаганын билдирди.   Жыйынтыгында  Жайыл райондук милиция кызматкерлери тартиптик уставды, “Нөөмөт бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу чаралары жөнүндө” буйруктун талаптарын, “Ички иштер органдарынын кесиптик этикасынын кодексин” одоно бузгандыгы аныкталды.  Маалыматта:  кандуу окуяга байланыштуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана анын эки орун басары, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды. Райондук милиция башчысынын орун басары “өз ишине кайдыгер мамиле кылган, кол алдындагы ыкчам тергөө тобунун өздүк курамына жетиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес” деп табылып, ички иштер органдарынын кызматынан биротоло кетирилди. Экинчи орун басарга  эскертүү берилген. Ошондой эле  Райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары да  ээлеген кызматынан бошотулду. Мындан тышкары, Тергөөчү Э.Кадышев, Чүй облустук жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын жолду көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, аталган бөлүмдүн нөөмөттөгү улук тескөөчүсү да иштен бошотулду. Жалпысынан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында 23 кызматкер жазаланды. Анын бешөө милициядан биротоло кетмей болушту, сегизи иштен айдалып, жети кызматкерге эскертүү берилген.  Өзүңүз ойлоп, багыңызчы, кызматтан бошотуп коюу катуу жазага киреби? Бул маселени ар ким ар кандай кабылдайт. Бирок кандай болгон күндө да анчалык катуу жазага кирбес. Кызматтан айдалып, таап жеп жаткан нанынан айрылып турганы менен, алардын ырыскысы түгөндү дегенди билдирбейт. Эртең эле башка жерге, ошол эле милиция кызматына кайрадан кириши толук мүмкүн.

Бул иликтөөнүн жыйынтыгына укуктук баа бериш үчүн материалдар прокуратурага жөнөтүлдү. Эмки жаза прокуратурада. Кандай жаза берет, аны күтө туралы.

Сабак болууга тийиш…

 Бул окуя кыргыз элине, анын ичинде бийликке, укук коргоо органдарына чоң сабак болуп калышы керек. Балким ала качуу маселесине ушуну менен биротоло чекит коюлбаса да, ал салтты жокко чыгарууга негиз болуп калаар. Ооба, азырынча ушундай ойго келип туралы. Калганын убакыт көрсөтөт да. Ошентип, жаңы змандын шарданы менен ата-бабадан келаткан ала качуу салты эскирди, жөн эле эскирбей дат басып, коомдо колдонууга болбой, жедеп чириди деп койсок да болот. Ушул ала качуу салтынын курмандыктары болуп кеткен далай жаш кыздарбызды артка кайрый албаган сыяктуу эле, бул ала качуу салтын мурунку калыбына келтирип жаңырта албайбыз.

Жаңыртуунун да кажети жок. Себеби, азыр заман башка, элдин талабы башка. Ал качуу салтын жаштардын кыз-жигит болуу,  жүрөктөрдү багынтуу деген дагы бир байыркы “салты” биротоло алмаштыра турган мезгил жетти. Демек, 20 жаштагы Бурулайдын аянычтуу  өлүмү бул маселеге кадимкидей бурулуш алып келүүгө тийиш болуп турат. Ар бирибиз мына ушундай жыйынтык чыгарганга милдеттүбүз, замандаш!

Айбек Шамшыкеев

Булак: “Багыт” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *