Видео – “Бүтүн Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоого катышат

Бул тууралуу 14-январда лидери Адахан Мадумаров журналисттерге расмий маалымдады.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал саясый уюму съезд өткөрөрүн, анда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси аныкталарын билдирди. Съезд парламенттик шайлоонун так күнү расмий жарыялангандан кийин өтөрүн кошумчалады.

Партия тизмесинин сап башына Адахан Мадумаров өзү турарын да баса белигледи.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо добуш берүүгө 100 күн жана 90 күн кем эмес калганда добуш берүү күнү дайындалат. Иштеп жаткан чакырылыштагы Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү соңуна чыккан айдын алгачкы дем алыш күнүнө дайындалышы керек. Ошондуктан шайлоо күнү 2020-жылдын 4-октярбрына коюлушу толук мүмкүн. Ал эми ал жөнүндө чечим 2020-жылдын 26-июнунан 6-июлга чейин кабыл алынышы да мүмкүн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *