Бүтүндөй бир улуттун «атасы» — Мустафа Кемал Ататүрк

Заманбап Түркия республикасынын куруучусу жана алгачкы президенти Мустафа Кемал Ататүрк – XX кылымдын эң көрүнүктүү саясий лидерлеринин бири. Ал өлкөсүн башкарып турган кыска убакыттын ичинде ишке ашырган ар тармактуу реформалары аркылуу ураган Осмон империясынын калдыктарынан демократиялык жаңы Түркияны түптөгөн. Окурмандарыбызды бул саныбызда Ататүрктүн жашоосу жана реформалары менен тааныштырабыз.

Өмүр баяны

Мустафа Кемал 1881-жылы Салоники шаарында (азыр Грекиянын курамында) туулган. Кичинекейинен айтканын эч кимге бербей эркин чоңойгон Мустафа Кемал мектеп жашына келгенде ата-энеси ага кандай билим берүү боюнча эки айры пикирде болушат. Динге жакын апасы аны куран үйрөнүүсү үчүн диний мектепте окуусун кааласа, атасы заманбап билим берген окуу жайга тапшырткысы келет. Алгач апасынын сунушу менен диний мектепте окуй баштап, аз убакыттан кийин секулярдык билим берген Шемси Эфенди мектебинен окуусун улантат. Ататүрк светтик мектепте окууга шарт түзгөндүгү үчүн атасына өмүр бою ыраазы болуп келген. Жашы сегизге келгенде атасынан ажырап, келечегин аскер тармагына байлаган Мустафага Салоники аскер мектебинде мугалими тарабынан «кемчиликсиз» деген  маанини түшүндүргөн Кемал аты ыйгарылат. 17_d

Окууну аяктагандан кийин аскер кызматкери катары бир катар өлкөдө Осмон империясынын өкүлү катары иштеген Мустафа Кемал чыныгы эрдикти Биринчи дүйнөлүк согушта көргөзөт. Константинополду басып алып,  Осмон империясын согуштан четтеттүү максатында өлкөдөгү Гелиболу аралына кол салган Британия жана Австралия Мустафа Кемалдын аскердик бөлүгүнүн тоскоолдугуна туш болот. Аз сандагы аскерлери менен душмандардын өлкөгө кирүүсүн токтоткон Мустафа Кемал улуттук баатырга айланып, 35 жашында генерал наамын алат.

Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилүүгө дуушар болгон Осмон империясына таандык жерлердин Антанта өлкөлөрү тарабынан (Орусия, Улуу Британия, Франция) бөлүнүүсүнө чыдабаган Ататүрк, Анкара шаарында Түркия Улуу Улуттук Мажлисин курат. 1919-жылы Ататүрктүн жетекчилиги астында өлкөнү басып алган Антанта өлкөлөрүнө каршы Улуттук боштондук согушу башталат. Үч жылга созулган  согуштун артынан азыркы Түркиянын чек арасы белгиленип, 1923-жылы 29-октябрда Мустафа Кемал жаңы түзүлгөн республиканын президенти болуп шайланат.

Ататүрктүн реформалары

Мустафа Кемал Ататүрк тарабынан жасалган саясат, экономика, маданият, мыйзам чыгаруу жана социалдык тармактагы реформалар Түркияны светтик өлкөгө айлантып, өнүгүүсүнө себепкер болгон. Батыш баалуулуктарын таңуулаган жаңы кемализм идеологиясы калк арасында бир топ түшүнбөстүктөрдү алып келген.

Саясий реформаларataturk-1930-amongpublic

Осмон империясы жана халифаты жокко чыгарылгандыгына карабастан алардан калган эски салт жана идеология калк арасында аброюн жоготкон эмес. Демократиялык жана секулярдык өлкө түзүү максатында «Бийлик бир гана калкка таандык» урааны астында кабыл алынган жаңы Башмыйзам ислам динин саясаттан болушунча алыстаткан. Исламдан мамлекеттик дин статусу алынып, анын ордуна улутчулдукка таянган жаңы идеология жарыяланган. Башмыйзамдын негизги принциптери катары лаицизм (светтик), социалдык теңчилик, мыйзамдын бардык жарандардан үстөмдүгү жана Түркия мамлекетинин жана калкынын бөлүнбөстүгү тандалат. Бийлик бутактары алгачкы жолу мыйзам чыгаруу, аткаруу жана соттук болуп бөлүнөт. Өлкөдө көп партиялуу парламенттик система курулганына карабастан Ататүрк курган Республикалык-Элдик Партия (СНР) 1945-жылга чейин межлистеги жалгыз партия болуп турган. Тарыхчылар мындай көрүнүштү Ататүрктүн реформаларын башкаларга көз каранды болбой жүргүзүү чечиминен улам деп эсептешет. Толук кандуу секулярдык жана модернизацияланган өлкө жана коом куруу үчүн радикалдуу мыйзамдык өзгөртүүлөр жүргүзүлүп, француз светтик коомунан өрнөк алган. Европалашуу максатында бардык диндерге бирдей мүмкүнчүлүк берилип, диндин бийликтеги, коомдогу, укук жана билим берүү системасындагы таасири жоюлган.

Укуктук реформалар

Мыйзам чыгаруудагы реформалар Осмон империясынын калдыктарын биротоло жок кылган өзгөртүүлөрдү алып келген. Империянын убагында диний мыйзамдар укуктук мыйзамдардан жогору болуп шарият өкүм сүргөн. Реформалар аркылуу шарият мыйзамдары жоюлуп, анын ордуна Швейцария жана Италиянын мыйзамдык кодекстери кабыл алынган. Ошондой эле көп аял алуу тыйылып, жарандык нике мыйзамдаштырылып, аялдардын укугу көбөйтүлгөн. «Эй, түрк аялы, сен жерде эмес, биздин мойнубузда жүрүүгө ылайыксың» деген Ататүрк аял менен эркектин укугун теңдеп, алгачкы жолу аялдарга добуш берүү укугун берген. Аялдардын коомдук транспорттордо эркектер менен бирге жүрүүсүн мыйзамдаштырган. Алардын билим алуудагы шартын жакшырткандыктан  1920-1928-жылдарда жогорку билимдүү аялдардын саны 0 пайыздан 10 пайызга жогорулап, аялдар мурда уруксат берилбеген кесиптерди да аркалай башташкан.

Экономикалык реформалар ataturk-ve-turk-bayragi-resimleri-13

Социалдык-экономикалык жактан жакыр болгон жаңы өлкөнүн кирешесинин 60 пайызын айыл чарба өндүрүшү түзгөн. Өлкөдөгү темир жолдор, банктар жана баалуу кендер чет өлкөлүк компаниялардын колунда болгон. Ататүрк башка мамлекеттердин таасири алдында болгон өлкө экономикасын толугу менен бийликтин көзөмөлүнө алууну башкы максат катары койгон. Бул алкакта чет элдиктер ээлик кылган Стамбул соода портунун ишмердүүлүгү азайтылып, негизги соода жолдору башка шаарлардагы деңиз портторуна өткөрүлө баштаган. Айыл чарба өндүрүшү техникалаштырылып, 1925-жылга чейин бүткүл Түркия боюнча 20 трактор болсо, 1953-жылга чейин 34 миң трактор ишке киргизилген. Экономикалык көз карандысыздыкка жетишүү үчүн өлкө боюнча ар тармакта иш алып барган завод-фабрикалар курулуп, импорт азайтылып, кымбат болсо да жергиликтүү продуктулар колдонула баштаган. Бул мыйзамдардын жыйынтыгында 1930-жылдары Түркия өнөр жай өндүрүшүнүн өнүгүү темпи боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турган.

Социалдык реформалар

Калктын сырткы кебетесин европалаштыруу максатында Осмон империясынын убагында бөлүнүүнүн негизи болгон кийимдер да өзгөртүлгөн. Жаңы мыйзам боюнча эркектер классикалык кийимдерди жана шляпа кийүүгө милдеттүү болуп, ал эми аялдардын ачык кийинишине уруксат берилген. Медицина тармагындагы реформалар аркылуу диний жо     л менен дарылоо токтотулуп, профессионал дарыгерлер иш жүргүзө баштаган.

Билим берүү жана маданий реформалар

Өлкөнүн билим берүү жана маданият тармагын батышташтырууну жактаган Ататүрк султандарга таандык Топкапы, Долмабахче сарайларын жана Айясофя мечитин туристтик музейге айланткан. Ал эми билим берүү системасындагы реформалар аркылуу диний билим берген медреселерди жабуу, башталгыч мектептерде бекер билим берүү жана ар бир жарандын милдеттүү түрдө окуусу, кыздардын эркек балдар менен бирге билим алуусу тууралуу чечимдер кабыл алынды. 1928-жылы арабча тамгалардын негизинде түзүлгөн Осмон алфавитинин ордуна латын тамгалары киргизилип,  Тамга реформасы жасалган. 1923-жылы окуп жана жаза билген адамдар калктын 2,5 пайызын түзсө, реформалардан кийин 1935-жылы 20 пайызды көрсөткөн.

Азат Акаев

Булак: Де-Факто 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *