БУУ: Былтыр Ооганстанда дээрлик 3,5 миң жай тургун каза тапты

2017-жылы Ооганстанда дээрлик 3,5 миң жай тургун каза болуп, дагы 7 миң адам түрдүү жаракаттарды алышты. Бул тууралуу БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын 15-февралда жарыяланган ар жылкы баяндамасында жазылган.

БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик каза болгондордун саны 2016-жылга салыштырганда 9% аз экенин, бирок жанкечтилер тарабынан жасалган теракттардын курмандыктары көп экенин билдирди.

Былтыр өлкөдө акыркы тогуз жылдын ичиндеги эң кандуу теракт жасалган — анда 2 тонна тротила жүктөлгөн унаанын жарылуусунан Кабулда 92 жай тургун мерт болуп, 491 киши жаракат алган. 31-майдагы теракт БУУнун өкүлчүлүгү, өлкөнүн Илимдер академиясы жана Германия элчили жайгашкан райондо жасалган.

Баяндамада жай тургундардын каза болушунун жана жаракат алышынын башкы себептеринин бири — өкмөткө каршы күчтөр менен өкмөттүк аскерлердин ортосундагы куралдуу кагылышуулар экени белгиленген. Жалпы жабырлануучулардын дээрлик 65 пайызы «Талибан» жана «Ислам мамлекети» сыяктуу өкмөткө каршы күчтөр менен болгон согуштарда мерт болуп, жаракат алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *