БУУнун качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссары качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо маселесинде Кыргызстандын аракеттерин жогору баалады

Бүгүн, 8-октябрь күнү Женева шаарында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссары Филиппо Гранди менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен БУУнун качкындар иштери боюнча Башкармалыгынын Жогорку Комиссарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле уюмдун өлкөдөгү долбоордук ишмердигин талкуулашты.

КР ТИМ Башчысы уюмдун өз мандатынын алкагында Кыргызстандагы ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндөгү жумушун белгиледи жана ал программалар менен долбоорлор өлкө үчүн актуалдуу экендигин жана жалпысынан адам укуктары чөйрөсүндө мамлекеттин саясатына шайкеш келерин баса белгиледи.

Өз кезегинде, Жогорку комиссар, жарансыздык боюнча Жогорку деңгээлдеги сегментте өзү катышкандыгы жана бул маселе боюнча өлкөнүн жетишкендиктерин эл аралык коомчулукка маалымдаганы үчүн Министр Ч.Айдарбековго ыраазычылык билдирди.

Ф.Гранди качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо маселесинде Кыргызстандын аракеттерин жогору баалады жана Кыргызстан жарансыздык көйгөйүн жеңген дүйнөдөгү биринчи уникалдуу мамлекет экендигин өзгөчө белгиледи. Жогорку комиссар Кыргызстандын өзгөчө үлгүсү башка мамлекеттердин бул оң тажрыйбаны колдонууга алуусуна түрткү берип, ошону менен бул көйгөй жалпысынан чечилерине үмүт артты. Ал ошондой эле, Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен ийгиликтүү кызматташуунун натыйжасында мүмкүн болгон өлкөдөгү жарансыздык менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ишмердиги үчүн КР жараны Азизбек Ашуровдун престиждүү Нансен сыйлыгын алуусу менен Министр Ч.Айдарбековду куттуктады.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *