Бюджет жана партиялар

Кыргызстанда коронавируска бардык чаралар формалдуу түрдө көрүлгөнү менен да, элдердин массалык түрдө топтолушу (той, жума намаз ж.б.д.у. с.) мурдагы калыпта уланып келе жаткан. Бир айдан кийин — жакында гана окуу жайлары мажбурланган каникулга чыгышканда гана (же дистанттык-сырттан окууга өтүшкөндө) муфтият да жума намазды убактылуу токтотконун жарыялады. Ал эми борбордогу той-ашты убактылуу токтотууга болсо да, мунун айыл жериндеги токтотулушуна ишениш кыйын. Анткени, баягы эле улуттук менталитет, каада-салттарга таянгандар ар кандай шылтоолор менен уланта беришери анык…

Демек, мамлекеттик тиешелүү органдардын Кыргызстанда жакында өткөрүлүүчү Эл каттоону мурдатан эле белгиленген өз мөөнөтүндө өткөрөбүз деп жатышканын да түшүнсө болот. Же, балким, ат үстүнөн гана (айрыкча, азыркы виртуалдуу-заманбап техникалык ыкма менен!) телефон аркылуу, же кварталдык башчылардын чогултуп беришкен маалыматтары аркылуу гана жасап коюу аракети алдын ала көрүлүүдөбү?

Андай формалдуу, жоопкерчиликсиз мамиле жасалган соң, чанда бир гана өткөрүлүүчү өтө маанилүү мындай өнөктүктү өткөрүүгө ашыгуунун кереги барбы? Анткени, азыркы шарттарда көп маалыматтар так эмес, же үстүртөн гана болуп калат деп болжолдоого болот. Анын үстүнө, өлкөнүн алты миллион калкынын дээрлик эки миллионго жакын эң ишке жарамдуу бөлүгү сыртта (негизинен, Россияда, Казакстанда) жүрүшкөнүн эске алсак!..

Кыргызстандыктарга коронавирустун карааны али көрүнө да электе эле анын албуут эпкини жалпы коомдук-саясий турмушту цунами толкуну сыяктуу чапчып өткөндөй болду. Коомчулукка көбүнчө кыйыр түрдөгү таасири сезилсе да, бул дүйнөлүк алаамат Кыргызстанга финансылык жактан олуттуу түрдө түз-тике терс таасир эткендиги эмитен эле ачык байкалууда. Арийне, эбак кедери кеткен экономикабыздын ого бетер итке мине башташы, убактылуу болсо да орчундуу сезиле тургандай болуп калды. Ошондуктан, жетимге жөтөлдүн эмне кереги бар? – демекчи, деги коронавирус Кыргызстандан жеңилирээк өтүп кетсе экен деп тилек кылып туралык…

Ансыз деле кечээ жакында президент Сооронбай Жээнбеков менен финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын жолугушуусунда быйылкы кабыл алынган бюджет 85%га гана аткарылары ачык айтылды. Тим эле, мурда жыл сайын жыргатып толук аткарып жүрүшкөнсүп!

Кечээ жакында эле Владимир Путин ар кандай экономикалык санкцияларга, саясий бут тосууларга карабастан, Россия кандай өнүгүп жаткандыгын конкреттүү цифралар менен негиздеп берди. Азыркы коронавирус, нефть баасынын түшүп кетишине карабастан, быйылкы кабыл алынган бюджети толук аткарыларын, бюджеттен сырткары дагы жүз миллиондогон долларлык резервдери бар экендигин тастыктады.

А биздечи? Бюджет долбоору талкууланып баштаганда эле, дээрлик бардык минитрликтер мүмкүн болушунча көбүрөөк, керек болсо ашыкча – өздөрүнө кеңири артып калып кала турган каражатты сурап башташат. Алардын көбү эч максатсыз, пайдасыз коротулган учурлар де көп кезигет. Алардан сырткары, ар кандай мамлекеттик мекемелер-ишканалар да бар. Кечээ жакында мурдагы демократ, кийин манас таануучу болуп кеткен Топчубек Тургуналиев мамлекеттик бюджеттен чет өлкөлөргө чыгып, “Манасты” изилдөө үчүн 10 миллион сом сурашканын жар салды!..

Дегинкисин, тээ Акаев доорунан бери эле (калыстык үчүн айтканда, бир гана Курманбек Бакиевдин президенттиги тушунда бюджеттик дефицит кыска убакытка болсо да биротоло жоюлган) хроникалуу финансылык ооруга кабылганбыз. Бюджетти ура-ура! – менен кабыл алышат дагы, күз чукулдай баштаганда эле кайра тез арада, чукул режим жарыяланып, бюджеттик чыгымдарды кыскартуу аракеттери көрүлө баштайт. Бардык мамлекеттик мекемелерде, министрликтерде мурдатан убада кылынган каражаттар берилмек турсун, кайра эптеп бюджетти жабууга далбасташат.

Негедир, сыртынан өтө эле акылдуу сымал сезилген (а ички дараметин ким билиптир?!) экономисттер, финансисттер өз каражатына жараша (өзү жаткан төшөгүнө жараша бутун созуп дегендей!) жашаганды үйрөнө албай келе жатышат. Бирок, бюджеттик акчаны чачканга, чыгымдарды көбөйтүүгө келгенде өтө эле эпчил болуп кетишет.

Маселен, Финансы министрлиги өзү эле (же, май кармаган бармагын жалайт деп чечишкенби?!) компьютер колдонгондугу үчүн деп, 10 миллион сомго жакын (ооба, дал баягы белине түшкөн сакалын сүйрөп. Тургуналиев куру кыялданып, сурап ала албай жүргөн сумма!) акчаны коротушуптур. Андан башка ар кандай шектүү суроолорду жараткан чыгымдары да бар экен. Кызыгы, компьютерлер азыр заманбап жасалып, мурдагыдай ден- соолукка зыяндуулугу дээрлик жок экендиги тастыкталган. Ал эми Финансы миниарлиги Кыргызстанга бөлүнүп келинген эң жаңы техника менен жабдылары айтпасак да түшүнүктүү. Башкача айтканда, ансыз деле башкаларга салыштырмалуу чоң айлык алып жатышкан клерк-чиновниктерине “сен компьютер менен иштеп жатасың” деп, дагы кошумча акы төлөшүүдө!

Анын сыңарындай, кайсыл дүйнөлүк деңгээлдеги Кыргызстандык манас-таануучу кайсыл чет өлкөгө жете албай жүрүптүр? – деген суроо өзүнөн өзү жаралат. Бул темадагы Кытай тарыхый булактарынан табылган маалыматтарды кытай тилин жакшы билишкен Анвар Байтур, Макелек Өмүрбай баш болгон кытайдагы боордошторубуз улам жазып, жарыялап келе жатышат. Же Тургуналиев баштаган манас-таануучулар Алтайга барышып, Манастын эпостогу балалык чагынын издерин табабыз дешип, “археологиялык казууларды” уюштуралы деп жатышабы? Баягы жылы Таласка келип, Кыргызстанга чуу салып кеткен грузиндин аферист сымал, бизнесмен-окумуштуусу аргасыздан эске түшөт.

Жогорку Кеңеш баштап, бардык мамлекеттик мекемелердин (миниарликтер жана көптөгөн мекемелер) жетекчилери жана чиновниктери чет өлкөлөргө чыгып келгенди жакшы көрүшөт. Барган соң, фешенебельдүү отельден чыкпай, Кыргызстандан ала барган чучугун жешип, арагын ичишип, уктап жатып (бул жакта эле кыйратып иштеп, чарчап кетишкенсишип, эс алышып!), эч бир жарытылуу иш бүтүрбөй, кайра келе беришсе деле, бири-биринен андай мүмкунчүлүктү талашышып, кез-кезде өз ара ыркыраша кетишип, же кайра кайтып келген соң, бири-биринин чет өлкөдөгү жоруктарын “өмүр бою жууса кеткис, түбөлүк, видео-эстелик” кылып элге “жайышып”,жүрүшкөндөрү маалым. Андай эбак легендага айланган “кызыктуу окуялуу” учурларды санабай эле коёлук… Андан көрөкчө, эмне үчүн Кыргызстандын чиновниктери ушундай “кыргызбайчылык” деңгээлден көтөрүлө алышпай келе жатышкандыгына көңүл буралык. Бир аз тереңирээк аңдап көргөн соң, жогоркудай көрүнүштөр мыйзамченемдүү эле процесс экендигине ынанасың. Себеби, дүйнөлүк тилдердин биринде эркин сүйлөй билбесе, анысы аз келгенсип,ички маданий-руханий деңгээли дагы өтө төмөн болсо, чет өлкөдө андан башка дагы эмнени жасай алмак эле?! Парижге барып  соң, Лувр жөнүндө сурасаң,”ал эмне?” – деп кайра өзүңдөн сураган чиновник сөрөйлөр четтен чыгат. Ага караганда чучук, казы-карта, улуттук сый, салт-санааны кыйла жакшыраак билишет!.. Кыскасы, жок дегенде обывательдик деңгээлде (мен баланча өлкөдө болгонмун деген!) мактаныч үчүн керек окшойт?!

Кандай болгон күндө да.Тургуналиевдин иллюзиялуу кыялдарга байланышкан пландары азыркы финансылык кризис тушунда ишке ашпасы түшүнүктүү. Ал андан көрө, бул жакта – Кыргызстанда даяр турган материалдарды иреттеп.четинен чыгаруу түйшүгүн моюнга артса жакшы болмок. Ансыз деле, тээ бир кезде Түгөлбай Казаков Маданият министри болуп турганда планга киргизилип, жылдан жылга акча жок деген шылтоо менен чыкпай келе жаткан Манаска байланышкан, улуу Манасчы Саякбай Каралаев тууралуу орус жана кыргыз тилиндеги кол жазмалар жатат…

“Мамлекеттик программа” деп аталганы менен да, бул бюджеттен атайын китеп чыгарууга бөлүнүүчү каражатты да кичинекей-тар “акырга” айлантып алышып, өз жакындарынын, туугандарынын жана дагы эптеп өздөрүнүн көңүлүн тапкандардын ар кандай халтураларын чыгарууга коротушууда. Дал ошондукта улам, азыркы китеп аз чыккан заманда деле “Нуска” сыяктуу кыргыз тилиндеги китеп дүкөнү көбүнчө китеп түрүндөгү макулатурага толуп кеткен!..

Каатчылык жана жакырчылык эгиздердей жанаша жүрүшкөн түшүнүктө экендиги маалым. Карызга азыр белчесинен батып, карайлап-кыйналып турган Кыргызстан сыяктуу кичинекей өлкө мындай деңгээлдеги чиновникте армиясы, жетекчилери менен алыска бара албасы түшүнүктүү. Бюджет атайын Мыйзам боюнча корголот. Ага ылайык бюджеттик мыйзамдарды бузуу же ачык эле кыянаттык кылуу – кылмыш катары каралган. Арийне, бизде бюджетти өөнөп-жеп кеткен, же бир жолун таап четке буруп-чыгарып (уурдап!) кеткен чиновниктер жазаланган учурлар барбы? Ашып барса “бюджеттик каражатты максатсыз пайдаланган” деген формулировка менен сөгүш алат да, мурдагы ордунда, жана башка андан дагы чоң, жооптуу деңгээлде өз ишин “ийгиликтүү” уланта беришет!, Дал ошондой жоопкерсиздикти пайдаланышып, май-талкандуу акырдын даамын татып калышкандар андай азгырыктарда эч качан баш тарта алышпай калышат. А тургай, андайлардын саны дагы улам убакыт өткөн сайын көбөйүүдө. Бекер, эч тер төкпөй, өзү эле агып келип жаткан каражаттан баш тарткандар али каттала элек. Мына, кечээ жакында эле саясий партияларды дагы бюджеттен каржылоо маселеси боюнча даярдалып жаткан мыйзамдын долбоору талкууга коюлуп кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Чынын айтканда, Кыргызстандагы саясий партиялардын алсыздыгы – акча каражатынын жетишсиздигинен болууда, алар мамлекеттик колдоого муктаж дештин өзү – бери эле болгондо эки жүздүүлүк. Ансыз деле, шайлоо учурларында канчалаган миллиондор суудай агып жатканына күбө болуудабыз…

Депутат Мирлан Бакировдун айтымында, ал каражаттар шайлоо учурунда катышкан партиялардан түшкөн акчалардан куралып, мамлекеттик бюджетке эч кандай деле оорчулук келтирбейт экен. Анда неге бюджет аркылуу деп олтурбай эле, кандайдыр бир коомдук уюмдардын (анын үстүнө, саясий партиялар менен коомдук уюмдардын юридикалык статусу бирдей экендигин эске ала турган болсок!) биримдиги-тилектештиги сыяктуу акча эсептерин ачып алышып, өздөрүн өздөрү каржылоого барышпайт? Шерине, коммерциялык уюмдардын биримдиги бирин-бири колдоосу сыяктуу тажрыйбалар бизде жетиштүү. Бир жагынан эркин болууну жана бийликтен көз каранды болбоону көздөшүп, экинчи жагынан мамлекеттен каржыланган “чөнтөк партияларга” айланууга умтулуп жатышкандыгынын өзү таң калтырбай койбойт. Ансыз деле бизде эмне көп – партия көп. Жакында айылдык бир куудул айтмакчы.таш ыргытсаң эле партия же коомдук уюмдун лидеринин башына тийе турган болуп калды. Бир кезде, укук коргоочулар абдан көбөйүп кеткен кезде, митингде Турсунбек Акундун башына таш тийгендей…

Ал партиялар коомдук турмуштагы көйгөйлүү маселелерди чечишип, тигил же бул багыттагы конкреттүү иштерди жасап жатышканы тууралуу алгылыктуу бир нерсе айтышка болобу? Азырынча аты чыккан, таанымал партиялар деле элге алынып, коомчулуктун ыраазычылыгына жеткенин көрө элекпиз. Арийне, ар бир партия эл алдынан өтүп, өз баасын ала турган учур да жакындап калды. Ошондо көбү эч добуш ала албай тек гана эл дарбыса эшек кошо дарбыйт болушуп убара болушканына убайым болушпас.

Анткени, эл тарабынан аларга берилген баа калыс жана мыйзам чегинде болот деп үмүттөнөбүз…

Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *