Cапар Исаковдун күнөөсү чоң. Эмнеге эркелеп жатат?

2013-2016-жылдары мурдагы мамлекет башчысы АШАнын жетекчилигинде, анын оң колу Сапар Исаковдун, аяш баласы Айбек Калиевдин активдүү катышууларында ишке ашырылган Бишкек ЖЗБин модернизациялоо деген долбоордун коррупциялык кылымдын аферасы болгондугу эч кимде шек туудурбайт деп ойлойбуз. Кытайдын ЭксимБанкы аркылуу оор шарттарда берилген 386 миллион долларга ЖЭБдин 30 пайызы гана оңдолуп, түздөлдү. Анын ордуна Бишкек-ЖЭБ-2 ни куруп бүткөрүп, пайдаланууга берген алда канча , арзан түшмөк. Азыр Өкмөт аны 200-250 миллион доллардын тегерегиндеги каражатка куруп, бүткөрүүнү пландаштырып жатат.

Бишкек ЖЭБинин 30 пайызы модернизацияланган каражаттан кыйла аз суммага башка өлкөлөр заманбап жаңы ЖЭБдерди курушту. Алсак, 360 миллион долларга Душанбеде кубаттуулугу 400 мегаваттка барабар, Ереванда 250 миллион долларга кубаттуулугу 300 мегаваттка барабар жаңы ЖЭБдер курулуп бүткөрүлүп, азыр иштетилүүдө. Ал эми Бишкек ЖЭБинин мурдагы кубаттуулугу 180 мегаватт болсо, ага 120 мегаватт кошула (ал да толук иштей элек) турган долбоорго 386 миллион долларды жабыштырышып, анын үчтөн бир бөлүгүнө жакынын таламай кылып бөлүп алышты. Ал долбоорду ишке ашырууда Кыргызстандын 20га жакын мыйзамдары, укук-ченемдик актылары бузулгандыгын, 110 миллион доллардан ашыгы уурдалгандыгы текшерүу учурунда далилденди.

Уюшкан кылмыштуу коррупциялык топтун мүчөлөрү үчүн ал долбоор майталкан болгондугун аздыр-көптүр чарбалык иштерден кабарлары барлардын бардыгы эле көрүп, билип турушат. Постсоветтик мейкиндикте 3/1 бөлүгү мындай кымбатка оңдолуп, түздөлгөн ЖЭБ жок. Бирок, ал афераны ишке ашыргандар гана аны моюндарына алгылары келбей, биз арзан идеалдуу вариантты ишке ашырганбыз деп танып жатышат. Аны түшүнсө болот, элибизде илгертен “ууру тойгончо жеп алып, өлгөнчө каргана берет” деп бекер айтылган эмес. Алар танып, карганып, ойлоруна келгендерди айта беришсин, бирок баары бир мыйзамдын адилет укуругунан кутула алышпайт. Анын үстүнө алардын анабашчысы АША мурдатан адекваттуу эмес жоруктары, сөздөрү менен айырмаланып келген жан. “Балыкчы-балыкчыны алыстан көрөт” дегендей, ал кыял жоруктары, инсандык сапаттары өзүндөйлөрдү таап, команда ‘түзгөнү да чындык. Бирок, кылымдык аферанын аркасы менен Кыргызстандын мойнуна 500 миллион доллардык карызды илип койгондор сотко да ар өнөрлөрүн көрсөтүшүп, бири келбей койсо, экинчиси келип алып, саясий билдирүүлөрдү жасап, мыйзамсыз митингден же пикеттен кармалып келгендерден бетер эркелешүүдө. 386 миллион долларга үстөк пайыздарын кошкондо 500 миллионго бир аз гана жетпейт, ал эми 500 миллион доллар деген Кыргызстандын 2004-жылдагы бир жылдык бюджети. Ага орто эсеп менен үч кабаттуу 250 мектеп, 400дөн ашык ар бири 250-300 орундуу заманбап балдар бакчасын курса болот.

Сапар Исаков баштаган Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Салайдин Авазов сыяктуу фигуранттар Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштери үчүн узак мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылышкан. Алардын адвокаттарынын апелляциялык арыздары Бишкек шаардык сотунда кара-лып жатат. Жакында Сапар Исаков сотко алынып келингенде адегенде соттук кароолорго катышууга ниети болбогондугун, достору жана өнөктөштөрүнүн өтүнүчтөрү боюнча гана келгендигин айтып, ТВЕА мурда эч жерде 200 миллион долларга Бишкек ЖЭБин оңдөп, түздөгөнгө убада бербегендиги, деги эле ГЭСтерден өндүрүлүп жаткан электр энергияларынын тарифтерин кымбататуу керек деген мааниде тууралуу билдирүу жасады. Ал 2010-жылдыи январында ЦАРИнин протоколдук кызматынын башчысы катары Максим Бакиев менен Кытайга чогуу барып, анда ТВЕАлыктар ЖЭБди 200 миллион долларга модернизациялоону сунуш кылышса, Максим Бакиев ага кымбат деп макул болбогондугун, андан кийин Бүткүл Дүйнөлүк Банк менен ЖЭБди оңдоо максатында 150 миллион доллар кредит боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндүгүн эсинен чыгарып жиберсе, же ал тууралуу эстегиси келбесе керек. Ал да аздык кылса, Жантөрө Сатыбалдиевдин Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланышкан маселе каралып жатканда “анча акчага жаңы ЖЭБ курса деле болмок” деп айтканын кай жакка алып барабыз?

С.Исаков өмүр бою кагаз ташып жүргөн протоколчу, ал эми Ж.Сатыбалдиев өмүр бою курулуш тар-магында иштеп келген инсан. Ал кандай курулуштун чыныгы баасы канча болорунун болжолдуу эсебин бир караганда эле чыгарып коёт.

С.Исаков Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда ТВЕАнын чакыруусу менен Кытайга 10дон ашык жолу барып, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин соода иштери боюнча кеңешчисин 17 ирет кабыл алгандыгы да чындык. Ал эми долбоорду тездетүүдө, ТВЕАнын кызыкчылыктарын Кыргызстанда жылдырууда ал кеңешчинин аябагандай чоң роль ойногондугу тергеп, тескөө иштеринин жүрүшүндө ырасталган. Аны менен С.Исаковдун жекече кандай мамилеси болгон? Бишкек ЖЭБин модернизациялоо маселесине келгенде Өкмөт, тийиштүү министрликтер четте калып, С.Исаков негизги сүйлөшүүчү, уюштуруп, аткаруучу болуп кеткендиги факты жүзүндө эбак далилденген. Андай иштер аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын кызматтык функциясына, ыйгарымдарына кирмек түгүл таптакыр жакындабайт. Аны жекече кызыкчылыктарын ишке ашыруу максатында кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, бийликти узурпациялоо катары гана чечмелесе болот. Демек, ал ири коррупциялык механизмди ишке ашырып, Кыргызстанга каржылык чоң зыян келтиргендиги үчүн гана эмес, мамлекеттик бийликти узурпациялагандыгы, сот адилеттүүлүгүн сыйлабагандыгы үчүн да жазаланышы зарыл!

Арина Рысбаева

Булак: “Майдан”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *