Чанаккале салгылашуусунун таржымалы

Биринчи дүйнөлүк согуштун алкагында Антанта үчилтиги (Улуу Британия, Франция жана Орус империясы) Стамбулду (Константинополь) колго алууну чечет. Тарыхта бул салгылашуу Чанаккале согушу же болбосо Дарданелла, Галиполия операциясы деген ат менен эсте калган.

Операциянын демилгечиси Уинстон Черчилль Осмон дөөлөтүнүн аскерлерин Кавказ тарапта орус аскерлери аркылуу алаксытып, бирдиктүү флот жана пехота менен курчап, Стамбулду колго алууну көздөгөн. Стамбулдун душман колуна өтүүсү бүткүл мусулмандардын чоң жоготуусу болмок. Ошондуктан бул салгылашууга бир гана түрк аскерлери эмес, бүткүл мусулман өлкөлөрүндөгү жаштар аттанган. Тарых барактарында араб, күрт, кавказ, босниялык, индиялык, африкалык жана Орто Азиядагы мусулмандар жигердүү катышкандыгы баяндалып келет. Алардын арасында миңдеген кыргыз аскерлери да согушкан деген пикир бар. Албетте, муну тастыктап же төгүндөө биздин тарыхчы агаларыбыз болгон Ташманбет Кененсариев, Кыяз Молдокасымов, Тынчтыкбек Чоротегин, Султан Абдыракманов жана башкалардын атуулдук милдети жана мусулмандык парзамалы деп билем.

Мекке, Медина жана Кудус шаарлары баш болуп, бүткүл мусулман өлкөлөрдүн мечиттеринде дуба кылынып, Чанаккалени сактап калууну Кудайдан тиленишкен. Карапайым мусулмандар топтогон акчаларын, энелерибиз алтын тагынчак-шуруларын мусулмандардын жеңиши үчүн сарптаган. Жалпы мусулман коомчулугу жаңы доордо үммөттүн ынтымагын жана биримдигин көрсөтө алган, анткени душман бир топ күчтүү эле. Каршылаш тарапта аскердик техника тарабынан да, аскер саны жагынан да бир топ күчтүү бир коалиция курулуп жаткан. Ага Улуу Британия, Франция, Орус империясы баш болуп, кошумча Австралия, Жаңы Зеландия колониялык өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана “ZionMuleCorps” аттуу жөөт аскер биримдиги катышкан. Осмон дөөлөтүнүн тарапташы катары Германия жана Австро-Венгрия орун алган. Немис маршалы жана Осмондордун аскердик кеңешчиси Отто Лиман фон Сандерс булл салгылашуу боюнча мындай деген:

“Эгерде аскердик бактылуулук болгон болсо, ал да турктөргө далыңды такап согушуу. Жарды болуп, алачыкта кун кечиришсе да, арстандар сымал салгылашат экен. Өз тажрыйбамда өлумгө жылмая тике караган мындай башка улутту көрбөдүм”.

Эркек аттуунун баары колуна курал кармап, мекенди коргоого бет алган, жадагалса жаш балдар да четте турбай бул салгылашууда чоңдор менен бирдей эрдик көрсөткөн. Аскерлер ар бир таңын намаз окуу жана дуба кылуу менен баштап, жеңсек-жеңиш, өлсөк-бейиш деген уран менен согуш талаасына аттанган. Согуш учурунда бир гана Осмон дөөлөтүнүн эмес, жалпы үммөттүн желеги желбиреп турган.

Салгылашуу 1915-жылдын 19-февралынан 1916-жылдын 9-январына чейин уланган. Негизги салгылашуу 18-март күнү орун алган. Француз, англичан жана орус “Антанта” аскер биримдиги Дарданелл кысыгы аркылуу өтүүгө аракет кылышат. Болгон күчүн сарптап, бирок мусулмандардын аскери тарабынан олуттуу соку жеп, артка чегинүүгө мажбур болот. Англиянын маршалы Френч булл салгылашуу жөнүндө мындай эскерген:

“Мусулман аскерлеринде коркуу сезими , жеңилүү деген түшүнүк жоктой сезилди”.

Мусулман аскери курама болгондугуна карабастан, ынтымактуулуктун жана жүрөгүндө жалындаган ыйман нурунун деми менен душманга сес көрсөтөт. Арасында акылга сыйбас баатырдык үлгүлөрү да чыккан. Алардын бири Сейит Чабук мисалы. Хелес жергесинде болгон салгылашууда артиллериянын окторун алып берчү механизм бузулуп калат. Эгер ошол замбирекке керектүү ок алынып берилбесе, мусулмандар флоту кырылып калмак. Муну сезген Сейит мырза 240 миллиметрлүү снаряддарды жонуна көтөрүп, ташып берет. Кызыгы ал снаряддардын салмагы 275 кг. болгон.

Мусулмандар жаракат алган жоокерлерин да таштабастан аларга жардам берген. Мусулман аскерлеринин мээримдүүлүгүн сыпаттаган англиялык генерал Гамильтон мындай дейт:

“Мусулмандардын колу кылыч кармаганга канчалык аскерлерди дарылоого да ошончолук эптүү экенин өз көзүм менен көрдүм”.

1915 -жылдын 7-декабрь күнү Англия өзүнүн аскердик операциясынын майнапсыз экенин аңдап, аскерлерин эвакуация кылууга өтөт. Бул салгылашууда “Антанта” тараптан 252 миң адам каза болуп, Англия өзүнүн үчтөн бир аскерин жоготкон. Ал эми мусулмандар тараптан 186 миң аскер шейит кеткен. Операцияга шык берген У. Черчилль отставкага кетүүгө мажбур болуп, согуш бүткөндөн кийин гана саясатка аралашкан. Анткени бул жеңилүү Англиянын тарыхындагы эң чоң жоготуу эле.

Чанаккале салгылашуусу тарых китептериндеги аскердик илимди окууда колдонмо катары окутулуп, 1944-жылкы Нормандиядагы операция учурунда Дарданелладагы катачылыктар эске алынган. Бул салгылашуу мусулмандардын алсыз экендиги жөнүндө жөө жомокту жокко чыгарып, Батыш коалициясына күч менен мусулмандарды багындыруу оңой эместигин көрсөткөн. Жалпы согуштун жыйынтыгы менен акыркы ислам өлкөсү болгон Осмон дөөлөтү куласа да, мындай согуштагы мусулман аскерлеринин эрдиги өсүп келе жаткан муунубуз үчүн өрнөк жана мисал болуп кала бермекчи. Жараткан ошол салгылашууда динибиздин желегин жерге түшүрбөй, жанын берген мусулман бир туугандарыбыздын топурагын торко, мекенин Бейиш кылсын!

Нуриет Абдулазиз

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *