Чатырда окуган балдардан генийлер чыгабы?

21-кылымда Кыргызстан мектепке жетпей койду. Азыркы убакта өлкөдө 12 мектеп авариялык абалда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымат жыйынында билдирди.

Министр белгилегендей быйыл өлкөдөгү бардык мектептердин абалы текшерүүдөн өткөн. Анын жыйынтыгында, 193 мектептин акыбалы начар деп табылып, анын 108и жаңы курулушка муктаж, 73үн капиталдык оңдоп-түзөөсүз пайдаланууга берүү мүмкүн эмес. Дагы 12 мектеп авариялык абалда болгондуктан, андагы окуучулар маданият үйлөрү сыяктуу имараттарда билим алууга аргасыз болушууда.

Ал эми Өзгөн районундагы бир, Чоң-Алай районундагы эки мектептин окуучулары ушул жылдын май айынан баштап чатырларда окуганга аргасыз болушкан.

Жыл өткөн сайын дүйнө алдыга кетсе, Кыргызстан артка жылып аткандай. Же, Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалиминдеги” Дүйшөндүн мектебиндей болгон мектептерден улуу жазуучулар, мыкты инсандар чыкканын эске алышып, генийлерди чатырлардан даярдоо ыкмасына өттүкпү?

P.S. Баса, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Бишкекте 1-класска кабыл алынган окуучулардын ата-энелери мектеп үчүн баштапкы төлөмдөн кутула тургандыгын сүйүнчүлөдү. “Бул төлөмдөр эмне экенин биз жакшы билебиз. Ал ата-энелер тарабынан өз эрки менен төлөнөт. Ата-энеге мектеп банктагы эсебин берет, ал эсепке акча которулат. Биз ага тыюу салдык. Тыюуга карабай, баштапкы төлөмду төлөттүргөн мектептердин директорлорун иштен кетирүүгө чейин барабыз”,- деди министр.

Бул да болсо баласын жаңы окуу жылына даярдап аткан ата-энелер үчүн жакшы самаалык. Болбосо, айрым мектептер баштапкы төлөмгө акчасы жок ата-энелердин балдарын мамлекеттик билим берүү мекемесине алуудан баш тартканы айтылып эле жүрбөйбү.

Булак: “Майдан”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *