Чечен байы Руслан Байсаров миллиарддарды кантип тапкан?

Элеганттуу жана интеллигенттүү, сымбаттуу чечен-миллиардери Руслан Байсаров орус светтик коомунда көптөн бери таанымал. Бери эле болгондо, 2009-жыл поп-дива Кристина Орбакайте менен абдан чырлуу ажырашкандан бери. Бирок, Руслан Байсаров кантип мынчалык тез байып кеткен?

Чынын айтканда, Байсаров тек гана жолдуу жигит болуп, керектүү жерде өз маалында болуп калган. Анан дагы өзүнүн чечендик катаал мүнөзүн көрсөтө алган.

Ал Грозныйдын алдындагы айылда 1968-жылы Сулима жана Касират Байсаровдордун көп балалуу үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Ал кезде бул үй-бүлө депортациядан – Казакстандан көчүп келген болчу. Ата-журтун Байсаров эч унутта калтырган эмес, абдан катуу сүйүп, туулган айылы Ведучиде тоо лыжасы курортун курууда. Ал такыр эле чыгашалуу экендигине да карабастан. Мындан сырткары, ал согуштан кийинки талкаланган өлкөсүндө көп объектилерди кайра калыбына келтирүүгө активдүү катышып келет.

Байсаров таасирдүү Харачой тейпасынан чыккан. Таанымал саясатчы Руслан Хасбулатов да ушул уруудан. Бала кезинде эле Руслан Байсаров коммерциялык таланты менен тааныла баштаган – алма терип, айылдаштарына сатып, бош бөтөлкө чогулткан.

Башаламан 90-жылдарда ишкер чечен жигит Москвада болчу. Ал студент кезинде эле алгачкы бизнесин баштаган. Ошол кезде жаңы гана пайда боло баштаган персоналдык компьютерлерди сата баштаган.

1993-жылы Байсаров Москвадан мекени Чечняга кетет. Балким, борбордо ал кыйынчылыктарга кабылса керек. Грозныйда ал расмий өмүр баяны боюнча – Миллионщиков атындагы нефтилик университетти аяктаган. Туура, бул окуу жайын Руслан 1996-жылы кантип аяктаганы суроолорду жаратат. Себеби, согушка байланыштуу бул окуу жайы толугу менен эвакуацияланып, Ставропольдо болчу.

1997-жылы Байсаров кайрадан Москваны багындырууга аракет жасайт. Ал жерде абдан кымбат сулуулук салонун ачат. Анын биринчи директору болуп, ал кезде белгисиз стилист жана чачтарач Сергей Зверев иштейт. Андан соң Москвада биринчи япон ресторанын, түнкү клубду жана эң сонун спорт комплексин ачат. Анын бизнес-партнеру жана жакын досу кинорежиссер Федор Бондарчук болуп калат. Жаш жана амбициялуу Байсаров ал кезде али отузга да толо элек болчу…

Руслан Байсаровдун бизнесте укмуштай тездик менен көтөрүлүшүндө анын чечен улутунун өкүлү экендиги өтө маанилүү фактор болгон. Байсаров “решаланын репутациясына” (же “разборщик” катары) таанымал болуп, чечен жана орус бизнесмендеринин ортосунда маанилүү ишкер катары таанылат. Эки элдин байларын жакындатып, маселелерин чечет. Мындай адамдын колдоосуна ээ болууну ар бир өзүн олуттуу деп санаган москвалык ишкер кыялдана баштайт.

2000-жылдардын башында Руслан Байсаров нефти бизнесине өтүп, борбордогу бир нече маанилүү компанияларда жетекчилик кылат. Ал чечендин жаңы лидери Рамзан Кадыров менен достошуп, анын отуз жашка чыгышына карата люкс тибиндеги автомобилди – Ғеггагі ТезСа Роззаны жарым миллион долларга сатып алып, белекке тартуулайт.

Азыркы кезде Руслан Байсаровдун байлыгы бир миллиард доллар деп бааланат. Ал Сибирге да кызыгып темир жолдорду салып, баалуу кен байлыктарды өздөштүрүүгө өткөн. Ал дагестандык миллиардер-сенатор Сулейман Керимовдон айрымаланып турат. Байсаров көп көрүнө бербейт. Рамзан Кадыров менен дос болуп, согуштан кийинки республиканы калыбына келтиришке салым кошуп келет.

Руслан Байсаров сулуу кыздарды жакшы көрөт. Анын биринчи аялы – москвалык модель Татьяна Ковтунова миллиардерге кызы Камилланы төрөп берген. Ырчы Кристина  Орбакайтеден уулу Дени төрөлгөн. Модель Алина Цевинадан – Элман аттуу уулдуу болгон, дагы бир модель – Юлиядан Дали деген кызы бар.

Азыр Руслан Сулимович чечен кызы Мадина – (айылдашы Ведучилик сулуу) менен бактылуу жашоодо, ал өз кызы Камилла менен тең. Мадина Русланга эки уул – Амир жана Аминди төрөп берген. Руслан Байсаров Чечняда үйлөнгөндө чечен салты боюнча күйөө бала болуп барган эмес, анын келинчегин досу Рамзан Кадыров өзү алып келип берген. Расмий түрдө Руслан Байсаров чечен айылы Ведучиде катталганы менен да, дайыма Подмосковьеде жашайт. Салыкты туулган айылында төлөйт.

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *