Чечилбеген чек ара көйгөйү…

Чек арадагы көйгөйдү чечүү үчүн бийлик кандай кадамдарга барышы керек?

Зулпукар Сапанов, журналист: “Бардыгы эле митайымдык менен жашап келе жатат”

-Чек арабыз түзүлгөндөн берки тарыхты карай турган болсок, биз утулуш менен гана келе жатабыз. Буга 1916-жылдан берки карталар күбө. Бул кыргыз жетекчилеринин айынан болууда. Сатып жатат деген сөздөр бекеринен чыккан эмес. Кыянат иштерди жүргүзүп келе жатат, бир күнү булардын баарын бирөө-жарым ачыкка чыгарат деген ойдомун.

Азыркы учурда чечкиндүү аракеттерди көрүп, кээ бир аймактарды алмаштырып, тез арада чечсе болот. Бирок андай ишке бүгүнкү бийликте бел байлай турган адам барбы? Бардыгы эле менден кийинкилер чечсин деген митайымдык менен жашап келе жатат. Анын азабын карапайым калк тартууда.

Камила Талиева, экс-вице премьер министр: “Эки мамлекеттин президенттери бир столго отуруп, түз чечүүсү керек”

– Чек ара маселеси бизде эгемендиктен бери келе жаткан көйгөй. Учурунда поссоветтик мамлекеттер саясий эрки жеткени чек араларын бекемдеп алышкан. Биздеги бул көйгөй Акаевдик режим маалынан бери карай элге-жерге зыяндуу маселе бойдон калды.

Бүгүнкү күнү бул маселе курчугандан-курчуп, адам өмүрүнө коркунуч жаралган абалга чейин жетти. Чек ара маселесин чечүү өкмөттүн түздөн-түз кийлигишип чечүүчү функциясына киргени менен өкмөт башчыбыз бул маселеде бир басып барбай, жоопкерчиликти моюндабай келет. Эл аралык мамилелердеги келишимдер, мыйзамдарды колдонуп, делимитация жана демаркация маселесин кынтыксыз чечүү жагында өкмөт өз чабалдыгын көрсөтүп эле келе жатат. Андыктан элдин акыркы үмүтү президенттин аракетинде эле калды. Эки мамлекеттин президенттери бир столго отуруп, түз чечүүсү гана керек. Бул маселени чече турган башка жол жок.

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: “Аксакал десе Айбалаевди, жаш десе Кочкоровду губернатор кылып дайындоо абзел”

– Баткен облусунан жаман кабарды күтө бербей, ал жакка аксакал десе Айбалаев Мамат аганы, жаш десе Улукбек Кочкоровду губернатор кылып дайындоо абзел! Же бийлик борборду Ош деп жарыялап, чек арада эл менен кошо түйшүк тартсын! Чечкиндүү кадамга бийлик барбаса, жакшы мамилени түшүнбөгөн коңшулар андан да жаман кутуруп кетишет. Жыйынтыгында Баткендин элинде ички жана тышкы миграция күчөп, кыргыздын ал жери бош калышы мүмкүн… Кудай сактасын, бирок таш атуудан жана интернетке видео жүктөгөндөн башка жөнөкөй эл эмне кыла алышы мүмкүн?! Алардын көйгөйүн чече турган – президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш! Элдин жаман үмүтү – ошолордо гана.

Жолдош Турдубаев, публицист: “Маселени улам кийинкиге калтыра берсе, ого бетер чиеленише берет”

– Албетте, маселе кыйла эле татаал. Бирок улам кийинкиге калтыра берсе, ого бетер чиеленише берет. Ошондуктан чек араны колдон келишинче тезирээк, биротоло тактап, келишимдерди эл аралык ченемдерге шайкеш келгидей сабаттуу түзүү зарыл. Керек болсо айрым калктуу тилкелерди алмашууга да барса болот.

Мамат Айбалаев, экс-губернатор: “Бийлик чечкиндүү кадамдарга барышы керек”

– Бийлик бул маселеде чечкиндүү кадамдарга барышы керек. Болбосо маселе татаалдашкандан татаалдаша берет. Маселен, менде ал маселени чече турган 4-5 вариант бар. Анын бирөөсүнө токтолоюн. Тажикстанда жашаган Мургаб, Жерге-Тал районундагы кыргыздарды кор кылбай, тажиктер менен акылдашып, Кыргызстанга чектеш жерлерге көчүрсө болот. Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жерине кыргыздар жашаса, жыл сайын чыгып жаткан жаңжал чыкпайт. Анткени кыргыздар менен кыргыздар урушпайт. Тажикстандын дагы бир облусунда 17 кыргыз айылы бар. Ал жерде 25 миңдей киши жашайт. Андан тышкары чакан шаарда дагы 200дөй үй-бүлө жашайт. Алардын көпчүлүгү мен губернатор кезде Кыргызстанга жашасак деген ниетин билдиришип, Тажикстанда кыргыздарга болгон мамиле өзгөрө баштаганын айтышкан.

Ошон үчүн бул маселени көз жаздымда калтырбай, тажиктер менен акылдашып, Тажикстандагы кыргыздарды Кыргызстан менен чектеш жерине көчүрсө маселе бир топ жеңилдемек. Калган варианттарды чек ара маселесин чече турган тийиштүү адамдар менен талкуулаганда айтам.

Кабай Карабеков, экс-депутат: “Чек ара такталмайын башаламандык улана берет”

– Чек ара такталмайын башаламандык улана берет. Ошон үчүн делимитация, демаркация маселесин тездетип, чечиш керек. Болбосо такталбаган чек аранын азабын жергиликтүү калк тарта берет.

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Бийлик чечкиндүү кадамдарга баруусу керек”

– Бийлик чечкиндүү кадамдарга баруусу керек. Бул боюнча комитетте тапшырмалар берилген, убагында аткарбай коюшту. Ошонун кесепетинен ушундай жаңжал дагы чыкты.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *