Чекеге чыккан чыйкан… же примитивдүүлүк – провокация ойлоодо башкы куралга айланганда

Таш доорундагыдай примитив

Алмаз Атамбаев убагында Москвадан чоң жогорку окуу жайын бүткөн менен башаламан мезгилде кокустан чоң байлыкка ээ боло калып, анын аркасы менен саясатка аралашкан примитивдүү адам. Анын байлыкка ээ болуусуна да уят-сыйытты билбеген, эртең эмне болорун жакшылап деле ойлонбогон примитивдүү тобокелчилиги жардам берген. Ойлоп көрүңүздөр, куу, сак, алысты болжогон адам болсо, узак мөөнөттөргө камалып кетишин ойлоп, эч качан жазуучуларга бөлүнгөн 60 миллион рублди “ап” эттирип, аркасынан жазуучулардын эс алуу жайын, кафесин “закүскө” кылып коймок эмес. Жөн эле коркмок. Акчалуу, байлыктуу болгон жакшы, бирок анын аркасы түрмө менен аяктай турган болсо, андайга акылдуу адамдар оңой менен барышпайт. Бүгүнкүсүн гана ойлогон, андан арыга акыл калчагысы келбеген, уят дегенди билбеген примитивдүү инсандар гана андай нерселерден коркушпайт. Бирок, ал мезгилде так ошондой эч нерседен уялбаган, тартынбаган, күнүмдүгү үчүн баарына барганга даяр турган бетпактардын бир кезеги келген. Андан АША ашыгы менен пайдаланды. Ал убактагы бийлик кесепети башкаларга да тийип калабы деп аны кылгандарын текшертип, тергетип, каматкандан тартынса, уялса, ал аны алардын коркоктугу катарында кабылдап, андан бетер чакчарылып, саясатчыга айланды. Пикеттерди, митингдерди каржылагандыгы эле үчүн адамдык сапаттары, интеллектуалдуу деңгээлдери өзүнөн айырмаланбаган, эркек ургаачысы аралашкан, кудайдан жөө качкан “временшиктердин” колдоосу менен бийликке келип, өзүнүн деңгээлиндей ички, тышкы примитивдүү саясат жүргүздү. Ага мисал катарында саясый атаандаштары, айрым кошуна өлкөлөрдүн жетекчилери жөнүндө айткандарын, сүйлөгөн сөздөрүн келтирүүгө болот. Минималдуу болсо да интеллектуалдуу деңгээли, маданияты бар адам эч качан андай сөздөрдү айтмак эмес. Ошондуктан кошуна өлкөлөрдүн бир саясатчысы ал жөнүндө “…полностью отсутствует политическая культура…” деп айткан. Саммиттерде да өйдө-төмөн сүйлөй бергендиги үчүн өнөктөш мамлекеттердин жетекчилери кагып, силкип, айрымдары сөгүп тилдей (А.Яукашенко) берип жүдөткөндө, ал кызматтан кетип, Кыргызстанды көшөгө артынан башкарууну ойлоду эле, анын андай примитивдүү планы өтпөдү. Ал да анын чоң саясат, бийлик жөнүндөгү түшүнүктөрү таш доорундагыдай примитив экендигин гана көрсөттү. Эми ал эңсегени ишке ашпагандан бери азыркы бийликтегилерди шыбоодо, кандай жол менен болбосун жаман көрсөтүүгө аракеттенүүдө, шантаждарды жасап, провокацияларды уюштурууда. Бирок тилекке каршы, андай аракеттери да кесипкөйлөрдүн күлкүлөрүн келтиргидей примитивдүүлүктөрү менен айрымаланып жаткандыгын баса белгилей кетели.

Жандоочтору АШАдан да примитивдүү болуп баратышат

АША мартта “Форумунун” алдында сүйлөп жатканда сахнанын четинен ага келаткан бир жигит көрүнүп, аны жансакчысы ары жетелеп кеткенде, ал трибунадан: “Мына, бул жерде да азыркы бийлик провокация уюштурганы жатат”- деп кыйкырган. Анын жасалмалуугу ошондо эле билинген. Сахнага жулкунуп чыгып, бир нерсе айткысы келген адам жансакчы колунан кармап ары жетелесе эле унчукпай кетип калчу беле? Кийин билсек, ал ошерде отургандардын биринин эле иниси экен. “Бийликтегилер АШАны сүйлөтпөө үчүн өз адамын жөнөтүшүптүр” деп айтуу үчүн аны алдап-соолап, колуна тыйын карматып сахнага чыгарышыптыр. Эгерде ал сырттан барып, чогулушун үзгүлтүккө учураткысы келген адам болсо, эмне үчүн алар акты түзүп, аны ошол замат укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен эмес? Же жок дегенде өздөрүнүн ЖМКларынан анын аты-жөнүн, каерде иштээрин айтышпады?

АШАнын айланасындагылар өткөн жылдан бери: “бизди аңдап жатышат, үч-төрттөн машине тымызын коштоп жүрүшөт”,- деп айгай салышууда. Эмнеге анда аларды видеого тартып алып, интернетке чыгарып, укук коргоо органдарына өткөрүп беришпейт? Анын эч кандай кыйынчылыгы деле жок. Алардын баары ойдон чыгарылган, мифологиялык машинелерден экендигинен алар чөнтөк телефондоруна да эч нерсени тарта албай жатышпайбы. Көчөдө жүргөн машинелерди эле тартып, жараналап жиберейин дешсе, алар эртеси күнү “Форумга” барып жаңжал кылышат. Өздөрүнө караштуулардыкын тартып жөнөтүшсө, андан бетер абийирлери төгүлөт.

Мындан эки жумадай мурда АШАга тийиштүү, “КСДПнын жаштар канатын жетектейт” деген Эрмек Окенов деген жигит: “мен Ысык-Көлгө кетсем, үйүмө маскачан милиционерлер жөөлөп киришип, күйөөң бир кызды зордуктагандыгы үчүн изделип жатат деп келинчегимди коркутушуптур. Ал менин саясый ишмердигимди чектөө үчүн жасалган провокация, анткени мен КСДПны дүркүрөтүп өнүктүрүп жаткам”,- деп чыкты. Укук коргоо органдары эч жерге анын үстүнөн андай мааниде арыз түшпөгөндүгүн, демек жөөлөп киргидей зарылдык болбогондугун маалымдашты. Анын КСДП боюнча айткандары бизди кенедей да кызыктырбайт, кандай көк мээлер күнү бүтүп бараткан партияга кирмек эле. Жакшылап караган адамга мунун да примитивдүү провокация экендиги оркоюп эле көрүнүп турат. Биринчиден, Э.Окенов бирөө жарымды кызыктыргыдай саясый фигуралардан эмес. Анын эмне кылганы, айтканы АШАдан башка эч кимди кызыктырбайт. Экинчиден, чындап маскачан жөөлөп киргендер эч качан жөн эле чыгып кетишпейт. Ал келесоого деле түшүнүктүү.

Мурда АШАнын жансакчыларын жетектеген Дамир Мусакеев деген адамдын убагында Р. Акматбаевдин
уюшкан кылмыштуу тобунда болгондугу тууралуу айтылып, сүрөттөрү да чыгууда. Анын АШАда иштеп жүргөндөн эпсиз байып кеткендиги да маалымдалган. Мына ошол фигурант камалардын алдында ЖМКларга жарыяланган кымбат баалуу мүлктөрүн эмес, АШАга тийиштүү ЖМКлардын өкүлдөрүн ээрчитип алып, Бишкектин айланасындагы курулуп бүтпөгөн времянкаларды көрсөткөн примитивдүү шоу уюштурган. Эгерде ал жерде көз карандысыз башка басылмалардын өкүлдөрү болсо, “эмне үчүн сиз тизмедеги котедждерди, бүткөн үйлөрдү көрсөтпөй жатасыз?”- деп сурашмак. Бирок, АШАчылар өздөрүнө жакпаган суроолордон жандары чыккыча коркушат. Анткени, аларга жооп бере алышпайт, жооп беришсе, кылмыштары ачылып калат. Ошондуктан эки жылдан бери монологдук-демагогиялык ыкмада гана сүйлөп келатышат.

Мындан бир жума мурда Кундуз Жолдубаева атайын кызматтын өкүлдөрү АШАнын “Форумдагы” кабинетине тыңшоочу аппараттарды орнотуу үчүн анда иштеген бир кызматкерди жалдашып, ага “жучоктор” менен кошо 500 доллар беришкендигин, бирок КСДП үчүн өмүрүн арнаган ал инсан баарын ачыкка чыгарып салгандыгын маалымдады. “Атайын кызматтын өкүлдөрү мени ушинтишти”,- деп экрандан бетин көрсөтпөй сүйлөгөн ошерде компьютерлерди жөнгө салып жүргөн Бакыт деген жигит экен. Билишибизче, АША кабинети түгүл, анын эшигине жакындатпайт, дайыма кабылдамасында 3-4 жан сакчысы отурат. Анан ал кайдан АШАнын кабинетине тыңшагычтарды орнотмок?

Өткөн кылымдын 40-50-жылдарындагы кинолорду көрүп алып эле “жучокторду” үстөлгө, отургучтарга, электр жабдууларын сайгычтарга жабыштырып, атаандаштардын сөздөрүн тыңшайт деген да күлкү келтирерлик анахронизм. Азыр атайын кызматтардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү 200-300 метр аралыктан деле каалаган кабинеттерди тыңшаганга жетет. Аларды тыңшатып кыйнаттырбай эле АШАнын кабинетинде түгүл, үйүндө эмне болуп жаткандыгын күндө билдирип тургандар деле болуш керек. Атайын кызматтарды АШАдай өтө эле примитивдүү ойлоп, кабылдап, жөндөн жөн эле намыстарына тийип, ачууларын келтире берүү да реалдуу кырдаалга, алардын кызыкчылыктарына ылайык келбейт.

Ошентип унутулуп, реалдуу чоң саясаттан биротоло сүрүлүп, архаикалык көрүнүштөргө айланып бараткандар примитивдүү провокациялары менен коомчулуктун көңүлдөрүн өздөрүнө бурдурууга аракеттенип атышат. Аны аң-сезимдүү кандай адам болбосун көрүп, билип турат. Бирок, алар андай примитивдери менен өз максаттарына жетишпесе, опурталдуу кадамдарга баруулары да ыктымал. Кеп мына ушунда турат. Алар жогото тургандарынын көбүн жоготушту, калгандарынан да айрылбоо үчүн азыркылардан алда канча тажаал провокацияларды жасоого аракеттенүүлөрү толук мүмкүн. Коомчулук, тийиштүү кызматтагылар мына ушундан сак болуулары керек.

Аэлита Сатындиева

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *