Чет элдик бизнесмендин укугу  корголобу?

Кыргызстанга инвестиция тартуу маселеси мамлекеттик деңгээлде көтөрүлгөнүнө көп убакыт болду жана ал бүгүн да актуалдуу маселе бойдон турат. Башкача айтканда, чет элдик бай ишкерлерди Кыргызстанга алып келүү мамлекеттик саясий-экономикалык программа катары иштеп жатат.

Бирок, Кыргызстандын экономикасына салым кошуу үчүн келген ошол чет элдик жарандардын укугу кандай деңгээлде корголуп жатат? Эл аралык укук нормалары сакталып жатабы? Кеп мына ушунда турат!..

Бишкек шаарында ишкерлик менен алектенип жүргөн Корей Республикасынын жараны Ким Сангву Свердлов райондук прокуратурасына арыз менен кайрылып, Жекшебай уулу Кубанычбек жана Джон Гон Хён аттуу адамдарга кылмыш ишин козгоп, кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранган. Анын мындай арыз менен кайрылуусуна төмөндөгү жагдайлар себеп болгон: 2017-жылдын 1-февралында Ким Сангву менен бирге эмгектенген анын бир тууган иниси Ким Гансу паспорттук-визалык режимди бузгандыгы үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматкерлери тарабынан кармалып камакка алынат.

Ким Сангвунун инисинин камалып жаткандыгы тууралуу маалыматты уккандан кийин тааныштары К.Жекшебай уулу менен Джон Гон Хён жардам берүүнү сунуштап, 20 000 АКШ долларын күрөөгө коюу менен бөгөт коюу чарасын өзгөртүп, камактан чыгарып  берээрин айтышат. Джон Гон Хён да Корея Республикасынын жараны болгондуктан К.Жекшебай уулуна ишенсе боло тургандыгын айтып, аталган сумманы берүүгө Ким Сангвуну көндүрөт. Экинчиден, Кореяда күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чаралары кеңири колдонулгандыктан ал макул болот. Ошол эле учурда К.Жекшебай уулу камакта жаткан Ким Гансунун өкүлү катары ишке киришип, күрөөнүн бардык документтерин даярдоону өз мойнуна алууга милдеттенет.

22.02.2017-жылы С.Ким Бишкектеги кафелердин биринен жолугуп, 20 000 АКШ долларын толугу менен санап берет. Ал эми акчаны алган К.Жекшебай уулу жакынкы күндөрдө анын инисин камактан бошотуп чыгарууну убадалайт.

Акчаны алгандан кийин экинчи тарап документтер даярдалып бүтпөй жаткандыгын шылтоолоп убакытты создуктура берет. Бирок, биринчи тараптын ишенимине кирүү үчүн андан бир нече жолу УКМКнын имаратына жеткирип барууну суранып, тергөөчү менен жолугушаарын, ал Г.Кимди бошотуу чечимин даярдап жаткандыгын, тиешелүү документтер даярдалып бүткөнү калгандыгын маалымдап турат. Көрсө, мунун баары калп эле көзбоёмочулук болуп келгендиги кийин билинет…

Арадан 2 ай убакыт өткөндөн кийин К.Жекшебай уулу убадасын аткара албай Ким Гансунун иши сотко өтүп, жыйынтыгында 10.04.2017-жылы сот тарабынан ага карата акчалай айып салуу өкүмү чыгарылып, камактан бошотулат. Убадасын аткара албай калган К.Жекшебай уулу сот өкүмүнөн кийин С.Ким менен жолугуудан качып, телефон чалууларга жооп бербей баштайт. К.Жекшебай уулу менен Джон Гон Хён алдын ала макулдашып, ишенимге кирүү жолу менен алдап кетишкендигине, акчаны кайтарып бербестигине көзү жеткен С.Ким укук коргоо органдарына кайрылат.

Свердлов райондук прокуратурасы арызды милицияга жөнөтүп, анын негизинде Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 21.07.2017-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-б., 1-п. жана 3-б. менен 3-17-1149 сандуу кылмыш иши козголот.

С.Ким тарабынан жетиштүү далилдер берилгенине карабастан тергөөчү тарабынан тергөө иштери тиешелүү деңгээлде жүрбөй, кылмышка шектүүлөргө карата айыбы угузулбай жана бөгөт коюу чарасы катары камакка алынбай келгендиктен тергөөчүнүн аракеттерине карата кайрадан прокуратурага кайрылууга аргасыз болот.

Ошентип, Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүү ниети менен жүргөн Корея жараны алдамчылыкка дуушар болуп, анын натыйжасында 1 338 000 сом (тергөөчүнүн токтомунда 20 000 АКШ доллары ушул суммага барабар деп табылган) материалдык зыян тартып олтурат. Ал эми кыргыз жараны К.Жекшебай уулу чын эле УКМК кызматкерлери менен байланышта болгонбу? УКМКнын кайсы “тергөөчүсү менен жолугушуп” жүрдү? Бул суроолорго да алдыдагы тергөө иштеринде жооп изделсе жакшы болмок!..

Албетте, тергөө учурундагы  беттештирүүдө К.Жекшебай уулу С.Кимден акча алган фактысын мойнуна алып жатыптыр. Бирок, “мен акчаны карызга алып кайтарып бергем”- деп жаткан имиш. Айткан менен далилдерди келтире албай жатыптыр. Ири суммадагы акчаны ким эле тил кат же башка тиешелүү документтерди толтурбай туруп бере салсын. Бул да болсо алдамчылыктын, жазадан кутулуунун жолу болуп жүрбөсүн? Дегеле, кылмышка шектүү Кубанычбек Жекшебай уулу менен Джон Гон Хёнду жабырлануучу айтып какшап жаткандай камакка алып тергөө жүргүзбөсө эртең из жашырып качып кете турган болсо эмне болот? Анда 1,5 айдан бери камакка албай келаткан тергөөчүнү жазага тартабызбы? Канткен күндө да чет элдик ишкерлердин укуктары менен милдеттери кыргыз Конституциясынын талаптарына, Эл аралык укуктук нормаларга ылайык корголууга жана колдонулууга тийиш эмеспи!?. Муну Свердлов райондук прокуратурасы менен милициясы жакшы түшүнөт деген ойдобуз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *