Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандын жарандарынан COVID-19 илдетин жуктурган 154 учур катталды

Бүгүнкү күндө чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын коронавирус илдетин жуктурган 154 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, эң көбү Россияда катталган:

-Россия – 105

-БАЭ – 7 (алардын ичинен 5 адам айыгып чыгарылган)

-Пакистан – 22 (бардыгы чыгарылган)

-Индия – 7 (1 каза тапкан, 6 адам чыгарылган)

-Испания – 1 (чыгарылган)

-Малайзия – 3 (чыгарылган)

-АКШ – 1 (чыгарылган)

-Өзбекстан – 1

-Греция – 1 (чыгарылган)

-Казакстан – 5 (4 – Бишкекте, 1 – Алматыда дарыланууда)

Италия – 1

Белгилей кетсек жалпысынан Кыргызстанда илдетти жуктургандардын саны 1350. Анын ичинен 949 киши айыгып, ооруканадан чыгарылышкан. Ал эми ооруканаларда 387 бейтап жатышат. 4 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө. Илдеттен 14 киши көз жумган.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *