Чиновниктер адамдарды кул катары пайдалана баштагандыгынын белгисиби же кайрымдуулукпу?

Ошто Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурда Ноокат райондук ооруканасын жетектеп турган Асамидин Мариповду жана анын уулдарын эки баланы бир нече жылдан бери кулчулукта кармаган деген айыптоо айтылды. Өзүн Райкан Салиева деп тааныштырган жергиликтүү тургун маалымат жыйын куруп, бой жетип калган неберелери Эрлан жана Элдарды Мариповдордун үй-бүлөсү 2,5 жылдан бери кулдай кармап келгенин билдирди. Үй, паспорт алып берип, окутуп, ай сайын беш миң сомдон айлык беребиз деген убадасын аткарбаганын, балдардын кийим-кечеси жаңыртылбай, алар мал сарайдагы акырда түнөп жүргөндорүн айтты. Бирок Марипов ал балдар дүкөндөн уурулук кылып камала турганда өзүлөрү келгендиктен зыянын төлөп, куткарып калганын, келишим боюнча иштетип, окутуп, экөөнө тең беш миң сомдон айлык төлөнгөнүн,  атасы каза болгондо каржылык жардам бергенин, балдар алардан качып кеткенин айтууда. Асамидин Мариповдун уулдары: Улукбек учурда Кыргызстандын Эсеп палатасын жетектейт, ал эми Бакытбек окуя болуп жаткан Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы экен. Бул бизде чиновниктер адамдарды кул катары пайдалана баштагандыгынын белгисиби же кайрымдуулукпу?

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *