Чолпон-Ата шаарында «Билим Булагы» аталыштагы 150 орундуу бала бакча ишке берилди

Чолпон-Ата шаарынын Чкалов кичи районунда «Билим Булагы» аталыштагы 150 орундуу заманбап бала бакча ишке берилип, саамалыкка Чолпон-Ата шаарынын мэри Акылбек Саралаев, мэрия кызматкерлери жана баш имам хатиб Абдыразак ажы Балтабаев катышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара алкагында шаар мэри жаш бөбөктөрдү билим уясы болгон бала бакчанын босогосун атташы менен куттуктап, кен келечек, бактылуу балалык каалап, өзүнүн белек-бечкектерин тапшырды. Ал эми шаардын баш имам хатиби жалпы журтчулукту биримдикке, ынтымакка жана ыймандуулукка чакырып, наристелерге кең келечек каалады.

Эскерте кетсек: «Билим булагы» бала бакчасынын курулуш иши толугу менен шаардык мэрия тарабынан каржыланып, пайдаланууга берилди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *