Чолпон Султанбекова социалдык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова кечээ, 19-октябрда, салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндө Премьер-министрдин жана  Кыргыз Республкиасынын Өкмөтүнүн атынан социалдык  тармактын кызматкерлерин – социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Мээримдүүлүк, боорукерлик иштер кылымдарга жашап келген.Улгайган жарандарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга жана үй-бүлөөлөргө, жалпы элибиздин аярлуу катмарларына Сиздер, урматтуу социалдык кызматкерлер, баарыбызга караганда бир кадам жакынсыздар», – деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга “Жаңы доорго – кырк кадам” Улуттук программасында социалдык теңдикке карата өзүнчө багыт “Тең мүмкүнчүлүктөр – коомду өнүктүрүүнүн негизи” деген аталышта каралган.

«Аталган ишти жүзөгө ашыруу максатында Өкмөт социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы стандарттарын иштеп чыгат жана ал инфраструктурага эмес адамга багытталат. Биздин программага ылайык бул багыт Татыктуу эмгек жана карылык деп аталып андагы мыйзамдар жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чаралары, эмгек акы төлөө, пенсиялык камсыздоо маселелери кайра каралып чыгат. Андан тышкары өкмөт эл үчүн жеке пенсиялык фонддордун системасы аркылуу пенсиялык топтоолордун альтернативдик булактарын өнүктүрүү боюнча ишти жандандырат. Жумуштуулуктун саясатын кайра карап чыгууда өзгөчө көңүл жаштарга бурулат», – деди ал.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова өлкөдө балдар үйлөрү жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар болбошу керектигин баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө социалдык жөлөкпулдардын, пенсиянын өлчөмү жыл сайын көбөйтүлүүдө. 1-октябрдан тартып пенсиянын орточо өлчөмү 5517 (беш миң беш жүз он жети) сомду түздү. Быйыл кабыл алынган Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө жаңы мыйзам боюнча 2018-жылдан тартып бардык төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пулдар берилет. Ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коргоо жана аларга берилип жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын эл аралык стандарттарга жакындатуу максатында Кыргызстан БУУнун  Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясына кошулуп жатат. Учурда майыптарды медициналык-социалдык экспертизалоонун жана реабилитациялоонун мамлекеттик системасын өркүндөтүү боюнча иштер башталды», – деди ал.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерине татаал, жоопкерчиликтүү, коом үчүн маанилүү   иштерине албан ийгиликтерди жана өздөрүнө чың ден-соолук, бакубат турмуш каалады.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *