Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: Эмне болдук? Эмне кылуу керек?

Өз алдыбызча эгемен мамлекет болгонубузга 30 жылга чукулдаган сайын Сталинди көп эстейм. 30 жылда Сакем жок жерден СССР деген империяны жаратпады беле.Баарыбызга түшүнүктүү болуш үчүн 1920-1950-жылдардагы Кыргызстандын тарыхын эле кайра терең кирбей үстүртөн эстейличи. 1920- жылдарда Кыргызстанда 99 пайызы карангы эл. Автожолдор деген такыр жок. Азыркы Бишкек бир чоң айылдын да денгээлинде эмес. Жогорку окуу жайларын кой республика боюнча бир мектеп жок. Завод, фабрика деген түшүнүк да жок…

1950- жылдарды эстегиле. Бишкек инфраструктурасы өнүккөн чоң шаар. (Андагы Фрунзе) Бир нече Жогорку окуу жайлар ачылган. Кыргыз элинин 70-80 пайызынын кат сабаты жоюлган. Республиканын аймактарын байланыштырган автожолдор ишке берилген. Бүт республиканын алыскы айылдарынан бери мектептер ачылып окутуу жүргөн. Айылдарга чейин элди тейлеген ооруканалар иштей баштаган. Адамды эле эмес алыскы айылдарга чейин мал догдурлар мал дарылай баштаган. Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда заводдор, фабрикалар курулуп ишке берилген. Республикада филармония түзүлгөн. Согуш мезгилинде да курулушу токтобогон азыркы Опера балет театры ишке берилип, кыргыздын “Чолпон”. “Айчүрөк” өңдүү опералары коюлда баштаган. Мамлекеттик бардык бийлик структууралары рааттуу иш алпарган. Республиканын аймагында бир нече ири кендер ачылып ишке берилген. Айта берсек тизме өтө узун. Кыргызстан экономикалык жактан да маданий жактан да катуу өнүгүүнүн жолуна түшкөн мамлекет…

Эми кайра артка кайрылып 1920-50 жылдарда кандай окуялар болгонун карайлы. Кыргызстанда аягы 1934- жылга чейин созулган граждандык (басмачы) согуш. Дүйнөлүк экономикалык кризис. Бир нече жылга созулган табигий кургакчылык. 1940-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш. Граждандык согуштун “жараты” айыга электе Ата Мекендик согуштун эбегейсиз чыгым алып келген кыйроосу… Башканы билбейм бүгүн менин акыл түшүнүгүм жетпей кетет. Сталин кантип жок жерден СССР деген империя түздү? 99 пайыз сабатсыз элди кантип кыска убакытта сабатту кылды? Экономиканын, маданияттын очогу да жок жерде кантип баарын жаратты? Сталин кантип ушундай оорчулукту бүт жеңип Унистон Черчиллдин аныктамасы менен айтканда “Россияны Сталин бурусун менен колуна алып, атом бомбасы менен мураска калтырды” экен. Эмне деген эрдик!? Эмне деген лидер жетекчилик!?

Эми 1990-жылдан 2019-жылга чейинки Кыргызстанды карайлы. 1990- жылдардын башы. Андагы Фрунзеде (Бишкек) Ленин, Фучик, Автомаш, Свердло, сыяктуу он миңдеген жумушчулар иштеген заводдор иштейт. “Кыргызстандын 40 жылдыгы” сыяктуу ири фабрикалар иштейт. Республиканын ири шаарларынын баарында өнөр жайлар,фабрикалар иштейт. Эт комбинаттар,жүндү кайра иштетүүчү комбинаттар иштейт. Колхоз совхоздордогу малдын саны койдуку эле 10 миллондон ашык. Болгондо да мернос багытындагы таза шерсть бере турган асыл тукум койлор. (Бүгүн ал койлор тансыкка айланды) Колхоз, совхоздор айыл чарба техникасы менен толук камсыз болгон. Алыскы тоо арасындагы сарайларга чейин электир энергиясы жеткирилип трансформатырлар коюлган. Свет өчөт деген түшүнүк айылдарды кой сарайларда да жок.

Маданий тармакты алсак, филармония, опера, кино театрлар, драм театрлар бүт иштейт. Аларга эл агылып барат. Кыргызстанда жылына чет өлкөгө чейин аты чыккан мыкты кино фильмдер тартылат. Кыргыздын опера ырчыларынын дүйнөгө аты угулган. Кино актерлору чет мамлекеттик кинотасмаларга тартыла баштаган. Спортсмендеринен 12ден ашык олимпиядалык чемпиону бар. Жазуучуларынын айрымдарын (Ч.Айтматов) дүйнө тааныган. Көптөгөн акын жазуучулардын чыгармалары чет тилдерге которула баштаган… Анан эмне боду? Кыргызстан СССР курамынан башка мамлекеттер менен бирге тарыхый процесстин шарданы менен өзүнчө бөлүнүп чыгып, эгемен мамлекет болдук. Мамлекетибиз көз карандысыз мамлекетке айланды. Өз Президентибизди, Жогорку Кеңештин депутаттарын өзүбүз шайладык.

Анан эле арадан 5 жылга жетпеген убакыттын ичинде баягы эбегейсиз байлыктын таш талканы чыгып жок болуп жылан соргондой болду. Завод фабрикалардын кайда кеткенин да билбей калдык. Бир койдун баасы эки шише аракка түшүп, эл кара нанга жетпей карайлап калды. Айлык пенся, пособиянын ордуна эски гезиттерди, галош маас беришти. Көгөрүп кеткен ун, каткан кумшекер берсе эл кубанды. Жумушсуздук чегине жетти. Эл карайлап чет жерге тентий баштады. Айрым айылдарда бирин экин кары картаң чал кемпир менен балалуу катындар эле калбаса согуш мезгилиндегиден да жаман болуп кангырап ээн калгандары болду. Ушул тапта 2 миллионго чукул эмгекке жарактуу эр бүлө чет мамлекеттерде тентип жүрүшөт. Көбү ошол жактын атуулдугун алып түңбөлүк калышууда.

Мамлекет өзүн мамлекет катары кармоого дарамет күчү жетпей, коррупционерлердин, сыртан келген аферист алдамчылардын таландысына туш болду. Республикадагы СССРден калган эбегейсиз байлыкты ашса 300 алдамчы аферист бөлүшүп, менчиктеп алышып карапайым элди сызга отургусту. Мамлекеттин экономикасын талкалашты. Манданият тармагы андан да ашып талкаланды. Акын жазуучулардын чыгармалары чыкпай калды. Кино деп атагыдай кино тасма тартылбай калды. Билим берүү, медицина тармактары жөнүндө жүрөк оорутуп сөз да кылгың келбейт.

Ошентип эгемен мамлекет болгонубузга 30 жылга чамалап калды. Бир караганда эл шайлаган Жогорку Кеңеши бар, Президенти бар мамлекеттик структуурасы бүт иштеген, бир катар чет мамлекеттер менен алака жүргүзгөн чын эле эгемен мамлекетпиз. Республиканын аймагында бир катар кен байлыктарыбыз деле бар. Суу ресурсу жагынан коңшу мамлекеттер бизге көз каранды. Анда эмне үчүн 30 жылга чукул убакыттан бери кичине боор көтөрүп өйдөлөштүн ордуна төмөндөп эле баратабыз? Экономикабыз бир нече жыл граждандык согушту башынан өткөзгөн Тажикстандан да артта калды. Өзбекстан, Казакстан жөнүндө сөз кылбай эле коелу. Сыртка болгон карызыбыз көбөйбөсө азайбады. Чет өлкөлөргө дайыма карыз сураган “кайырчы” мамлекет катары таанылдык. Мамлекеттин ички түзүмүндө коррупция аралашпаган бир да тармак калбады. Коррупциялык алакка мектептерден баштап, министрликтерге чейин катардагы жашоо көнүмүшүнө айланды. Бийликтен кетпей өмүр бою жүргүсү келген арамзаалар көз таңмай аракети менен баш мыйзамыбызга мамлекеттик башкаруу системасынын “оорусун” киргизген экен. “Партиялык тизме менен шайлайбыз” – деп Жогорку Кеңешибизге жалаң коррупционерлерди шайлап алдык.

Демек 30 жылда мамлекетти оңдобой эле кайра талкалап келаткан малекетик башкаруу системабыз эми дагы 30 жылда мамлекет катары такыр жок болушубузга жеткириши мүмкүн экенин дагы деле түшүнбөй келатат окшойбуз.

Бүгүн Президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шарипович коррупция менен аяоосуз күрөш баштады. Президент канчалык аракет кылса да майнабы аз болууда. Себеби айланасында тегеректеп коррупционерлер отурат. Алар эгер иш катуу жүрсө кезек аларга да жетээрин билишип кыймылдабай жатышат.Коррупция менен болгон күрөш жел үйлөгөн шарга окшой баштады. Кызыл тасыл болуп көрүнүшү жакшы жыйынтыгы жокко эсе. Бир эле мисал ТЭЦтен уурдалды деген 250 миллонго чукул каражаттын 50 миллиону да кайтарылып казанага төгүлө элек.

Экономиканы өстүрүш үчүн “Аймактарды өнүктүрөлү”- деген аракет көрүлүүдө. Ошол таромакка бөлүнгөн каражат толук колдонулуп атканына ким кепил боло алат. Үчтөн бири жетсе жетип калганын баягы коррупция деген ажыдаар соруп коюп жаткан жокпу?Пезидент “Билим берүү тармагын өнүктүрөлү”- дейт. Туура кадам. Жогоруда мен мактаган Сталин да ишти билим берүүдөн баштаган. Бирок кантип өнүктүрөт? Бүгүнкү мугалимдин айлыгына кайсыл билимдүү адам барып мугалим болуп иштейт. Ачуу болсо да ачык айтсак бүгүн көбүнчө мектептерде эптеп сыртан окуп бүткөн, билимдери тайкы башка жумуш тапаган, аз акчага да эптеп каниет кылган адамдар иштеп жүрбөйбү. Ошолор менен кантип билимди өнүктүрүүгө болот? Бир класста 45-50 дөн бала окуп жатса кантип билимди өнүктүрүүгө болот?

Президентибиздин аракети мага талаада кыйкырып жалгыз ат чаап жүргөн адамды элестетип жиберет.

Мамлекетти туура өнүгүү жолуна салыш үчүн мамлекеттик башкаруу системасын реформалап жаңы жолго түшүү керек деп ойлойм. Бүгүнкү бараткан жолубуз коррупциянын гүлдөшүнө, аферистердин каалаганын жасашына, коомду бир багытка ынтымакка алып келбей бөлүп жарып, оюн куруп турууга ылайыкташканын өткөн 29 жыл далилдеп койду. Канчалык эрте жаңы жол тандасак ошончо эрте оңолуу жолуна түшөт элек.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *