Чолпонбек Сыдыкбаев, саясат таанучу: “Тоолуктарды толкуткан өкмөт же Теңир Тоодо жашоонун өзү эрдик”

Теңир тоо аймагында кыска аралыкта эки ирет массалык нааразычылык акция болуп өткөнү жөн жерден эмес. Расмий бийлик бул окуялардан жалаң гана саясатташууну көрүп, адаттагыдай атайын кызматтарды жөнөтүп, уюштуруучуларды издеп, аңдып, негизинен чылгый саясый өңүттө баа берүүгө аракет кылса терең жаңылышат. Бүгүн Теңир тоолуктардын көйгөйлөрү башынан ашып жаткан кези. Бул көйгөйлөр түштүктүн тоолуу аймактарына да мүнөздүү. Анча-мынчаны тоготпогон тоо мүнөз элдин толкуп жатышы тоолуктардын ансыз деле тоодой түйшүгүн светке, жерге тарифтердин көтөрүлүшү ого бетер татаалдантканынан кабар берет. Ал аз келгенсип өткөн жылдары өлкө башчысы адаттагыдай эмоцияга алдырып ийип: “нарындыктар малчысыңар-койсуңар, силерде мал батпай кетти, жериңер кенен, көрөт элем үлүш жериңер түштүктөгүдөй 4 сотых болсо” деп опурулуп, жергиликтүү элдин көңүлүн катуу суутканы жалганбы? Нарында элдин малдуу болгону Акаевдин да, Бакиевдин да, Атамбаевдин да салымы эмес. Нарында элдин үлүш жеринин аянты көп болгону менен түшүмдүүлүктү башка региондор менен түк салыштырып болбойт. Жогорку Кеңеш ушул жылы кабыл алган мыйзамга ылайык ар бир гектар жерге жер салыгы жылына эмес, айына 95 сом болду. Бул тариф айтканга оңой болгону менен төлөй келгенде, салыштырмалуу жер үлүштөрүнүн көлөмү чоң тоолуктардын жонунан кайыш тиле турган тариф. Жергиликтүү Кеңештин депутаттары ЖКнын учурдагы депутаты талапкер менен жолугушууда: “Бул мыйзамды кайсы логика менен кабыл алдыңар?” деген суроо бергенде ал: “биз бул мыйзамды байкабай кабыл алыптырбыз, кечирип койгула” деп жооп берди. Мына шайлоочу бир кезде Каркыраны, Көлдөгү төрт пансионатты казактарга устукан кылып тартканга, Үзөңгү Куушту кытайларга кармата бергенде “макул” деп добуш беришкен. Бул жер салыгынын көтөрүлүшүнө да байкабай кол көтөргөн депутаттардын токсон сегизи депутаттыкка кайрадан ар кайсы партиялар менен аттанып элдин башын  айлантышты. Биринчиден, ар кай жерге көпүрө салып, жол оңдоп, суу чыгарып, көчөлөргө жарык койуп төшүн кагуу деги эле депутаттын иши эмес. Экинчиден, күнүмдүк маселелер менен элди жооткотуп, алардын добушун алууга аракет кылуу бул мыйзамдын тили менен айтканда “подкуп” же “добуш сатып алуу”. Биз чындап эле тоолуу элибизге жакшылык кылгыбыз келсе “шарты катаал тоолуу Нарын облусунун өзгөчө статусу жана ага берилүүчү женилдиктер” жөнүндөгү мыйзамды иштеп чыгып, кабыл алып, анын аткарылышын өкмөттөн катуу талап кылышыбыз керек. Шарты катаал Нарын облусуна мындай өзгөчө кам көрүүгө жүйөлүү себептер бар. Кышы өтө суук Нарында эл жалаң көмүр жагып кыштан чыга албайт. Үй-жайын жылытыш үчүн кошумча электр энергисын да колдонууга аргасыз. Себеби, ал жактагы кышкы суукту өлкөнүн башка аймагындагы суук аба ырайы менен салыштыруууга такыр болбойт. Бишкекте сууктун күчү бир жумага сакталганда эле элдин шаштысы кетип, отун-суу эки эсе көп колдонулуп кетет. Ал эми андай чектен тыш суук аба ырайы Нарында дээрлик үч айга созулат.

Кыргызстандын түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашып, жалпы аянты 45,2 миң.кв метрди түзгєн Нарын облусунун калкы 290 миңге чамалап, аянты кенен, бирок, калк эң сейрек жайгашкан облус болуп саналат. Мисалы, Ат-Башы районунун аймагы эле Чүй облусунун аймагынан чоң. Эгер бийлик аң-сезимдүү ой-жүгүртсө, мамлекет, улут коопсуздугун ойлосо биринчи кезекте Теңир Тоого жүз бурушу зарыл. Бизден он эсе, жүз эсе кудуреттүү болгон Жапония, Россия, АКШ сыяктуу өлкөлөрдүн экономикалык, аскердик эң негизгиси демографиялык жактан шаштысын кетирип, дүйнөнү таракандай каптап жаткан Кытай менен чектеш, шарты катаал, ал аз келгенсип кышы 6 айга созулган бийик тоолуу аймакта күн кечириш эрдикке тете иш. Мурдагы СССРде шарты өтө катаал деп эсептелген эки гана аймак болсо, анын бири Кыргызстанда Нарын облусу, анан Калилинград облусу саналчу. Ага ылайык, облустун элине көп жеңилдиктер каралган. СССР тараганы анын бири жок. 2005-жылы бийлик алмашканы Нарын облусунун “эркин экономикалык аймак” деген макамын да ашык көрүп, жокко чыгарды. Бийик тоолуу аймак катары каралган жеңилдиктер Кыргызстандын азыркы шартында, элдин жашоосуна анчалык таасир этпейт. Кыргызстан боюнча ички миграциядан эң көп жабыр тарткан эки облус болсо анын бири Нарын (82%), анан Баткен (72%) облустары. Нарын элинин чек арада жайгашып геосасый мааниси өзгөчө болсо да ички-тышкы миграциянын айынан облус баштапкы демографиялык көрсөткүчтөрүн (калкынын азайышы боюнча) олуттуу түрдө жоготкон аймак катары саналат. Шартынын катаалдыгынан негизинен мал чарбачылыгы менен алектенген айыл чарбасына байланышкан көйгөй толтура. “Кыргызгипрозем” илим изилдєє институтунун маалыматы боюнча 674,1 миң га жер, анын ичинен 16,1 миң гектары айдоо аянтын шор баскан, 24,3 миң га, анын ичинен 0,5 миң га айдоо аянттары сазга айланган, 1066,7 га жер анын ичинен 7,6 миң шамалдын айынан эрозияга учураган. Кочкор районунан башка баардык райондордо арпа, картошкадан башка маданий өсүмдүктөр, жашылчалар бышпайт. Демек, организмге тиешелүү витаминдер тоолуктардын организминде жетишсиз. Элдин тамак рационунда эт эң кєп колдонулган менен ал жашылча жемиштен алынчу витаминдер боштугун толтура албайт. Албетте, бул өзүнчө сөз кылчу, талдоо жүргүзчү чоң илимий маселе. Ал эми социалдык жактан болсо жумушсуздардын саны аты бар, заты жок дыйкан чарбалардын эсебинен болушунча азайтылган. Дыйкан чарбада катталганы үчүн Нарында бир катар жеңилдиктер алынып салынганы адилетсиз чечим болгон. Кыштын башка облустарга салыштырмалуу өтө сууктугу каллориялуу тамактанууну талап кылат. Бирок, тапкан кирешесинин көп бөлүгү кышка даярдыкка кеткендиктен нарындыктарда андай мүмкүнчүлүк жок. Аялдар, балдар арасындагы аз кандуулуктун көрсөткүчү эң жогору. Медицинада “резицтентность высокогорной гипокции” деп аталган илимий багыттын аныктамасы боюнча бийик тоолуу аймактын калкында жүрөк-кан тамыр оорулары башка аймактардан эки эсе көп кездешет. “Багы жокко, дагы жок” болуп, облус аймагында, радиациялык нурлануунун деңгээли да өтө жогору. Мисалы, Жумгал районунун “Миң-Куш” шаарчасында радияциялык таштандылардын бүтүндєй полигону жайгашкан. Ал жерде төрт уулуу калдыктар сакталган жай (хвостохронилища) 5 өнөр жай аянтчасы бар. Мисалы: радиациялык баланс “Туюк-Сууда” саатына 80ден 740микро рентгенди “Талды-Булакта” саатына 20 дан 550 микрорентгенди түзөт. Цвилизациялуу өлкөлөрдүн эли ренген нурунун мындай көрсөткүчү байкалса жашамак тургай, андай аймакка жакындабай качмак. Ошондуктан, бийик тоолуу шарты эң катаал, ал аз келгенсип дүйнөдөгү демографиялык гигант өлкө Кытай менен чектешкен облуска өзгөчө мамиле, жогоруда айтылгандай мыйзам долбоору керек. Тоолуу аймактын дагы бир маанилүү көйгөйү өндүрүлгөн продуцияларын (этти, картошканы, чеснокту ж.б.) сатуу маселеси. Өндүрүлгөн продукцияны жеринде кайра иштетүү маселеси көп көтөрүлөт, теги теңир тоолук айыл чарба, кайра иштетүү багытында алектенген ири ишканалары бар азаматтар арбын. Бирок, алардын бири да тоолуу аймакта кайра иштетүү ишканаларын ачууга аракет кылышкан жок. Бизнестери Чүй боорунда. Аларды Россиядагыдай “кичи мекениңде мынча кайра иштетүү ишканаларды ачкыла сатуу, чек арадан өткөрүү жагын мамлекет өз мойнуна алат” деп мажбурлаш, кичи мекенине болгон патриоттук сезимин ойготуш же намысына тийиш гана керек. Чүй боорундагы малдын эти менен Нарындын малынын этинин, картошкасынын, чесногунун сапаттык айырмасы чоң. Бул багытта мамлекет рекламалык, маалыматтык колдоо, даярдоо мекемелерин түзүү ж.б. багытта комплекстүү иштерди жүргүзүшү керек. Бир чети мындай иштерди бир эле айыл чарба, кайра иштетүү багытында иш кылган “АЮ” сыяктуу компания же кайра иштетүү ишканаларынын ассоциасиясы ишке ашырса болмок. Коңшу Казакстан же Оруссия менен түзүлүп, Жогорку Кеңеште ратификацияланган келишим жана Жогорку Кеңештин тыкыр көзөмөлү эле өндүрүлгөн продукцияны сатуу көйгөйүн чечмек.

Чолпонбек Сыдыкбаев,

саясый илимдердин кандидаты, доцент.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *