Чоң-Алайда мугалимдер билимин акыл таймашта сынашат

Чоң-Алай районунда мугалимдер, тарбиячылар арасында “Китеп сүйүүчүлөр” сынагы башталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, аталган сынактын максаты – билим берүү кызматкерлеринин жалпы кыргыз элинин тарыхынан кабардар болушуна өбөлгө түзүү, китепке болгон кызыгуусун арттыруу, окуучуларга үлгү көрсөтүү. Конкурстун шарты боюнча катышуучуларга К. Жантөшевдин “Каныбек” романы, Т. Касымбековдун “Келкел” жана “Сынган кылыч” романдарын окуп чыгуу сунушталат. Андан тандалып алынган агартуучулар бул чыгармалардын сюжети, окуялары, каармандары боюнча “Акыл таймашта” беттешет. Мугалимдер жана тарбиячылар үчүн акыл таймашы 2020-жылдын март айына белгиленди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *