Чоң Чүй каналына 41 жаштагы аял түшүп кеткен. Издөө иштери улантылууда

13-июлда Чүй районунун Алга айылында Чоң Чүй каналына 41 жаштагы аял түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар аялды издөө иштерин жүргүзүүдө. Куткаруу иштери бүгүн, 14-июлда улантылат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *