Чоң энесин бычактаган Эрмек кармалды

Өзгөн шаарында чоң апасын бычактап, качып кеткен бала кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 11-январда билдирди.

Алардын айтымында, кармалган бала Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп, шектүүнүн баш коргоо чарасы каралууда.

Эске сала кетсек, былтыр, 12-декабрда, Өзгөн шаарынын тургуну Эрмек аттуу бала чоң энесин бычактап, качып кеткен. Жабырлануучу Өзгөн районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Бул факт Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *