Чоңалайлыктар ата-бабаларды эскеришти

Бүгүн, 8-ноябрь – Ата-бабаларды эскерүү күнү. Ош облусундагы Чоң-Алай районундагы маданият кызматкерлери Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Үркүндө жана 1937-жылдагы репрессияда  каза болгон ата-бабаларыбызга багыштап куран окутуп, эскеришти. Бул тууралуу Чоң -Алай районундагы акимиаттын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда,  алгач ата-бабаларга куран окутулуп, анан тарыхый окуялар боюнча тасма көрсөтүлгөн. Маданият кызматкерлери Үркүн окуясындагы жана репрессиядагы каза болгон адамдардын тагдырын сахналаштырып чагылдырып беришкен.

Эске сала кетсек, мурда 7-ноябрь – Октябрь революциясынын күнү деп майрамдалган. Анын ордуна жаңы майрамды мурдагы президент Алмазбек Атамбаев негиздеген. Ал 2017-жылы мыйзам долбоорун парламентке сунуштап, депутаттар колдоп берген. Ошонун негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган.

 Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *