Чоро Думанаев, КР эл артисти: «Орозкулду катуу тээп алып, таарынычын жаза албай жүрдүм…»

«1960-жылы Фрунзеге 8 жашымда КР эл артисти Асанкул Осмонов авам апкелген. 2-классты бүткөм, шаарга келип орус мектепке 1-класска кайрадан отургузуп коюшту. Турдакун Усубалиевдин баласы менен бирге окудум. Ошолор мага сабак окуганга жардам беришти. Орусча сүйлөгөн мода болчу. Элди туурап «мен тиякка барганский», «чего», «хлеб купаю» деп чулдуруктап жүрдүм. Муратбек Рыскуловдун баласы Бакын, Даркүл Күйүкова эженин баласы Зулпукор, Насыр Кытаевдин баласы Мекен театрга күнүгө келишет. Аларды туурап Асанкул авамды ээрчип мен да барам, бирдеме жоготуп ийгенсип» деп сөз баштаган Чоро агабыз кино жаатындагы кадрдан сырткаркы турмуш сүртүмдөрүн эскерип отурду.

«Ысык-Көлдүн кызгалдактарында» бозо ичип күжүлдөп…»

– Ал учурда 3-кичирайон шаардын эң чети болчу. Ал жактан авама үй берди. №60 мектептин 8-классын бүткөндөн кийин курулуш техникумга тапшырып, өтүп кеттим. Сабактан чыгып эле «Ала-Тоо» кинотеатры жакка жөнөйм. Жаштар ошо жерге чогулчу. Маңдайында женпед бар. Эркиндик гүлбагында адатта кыздарды жандап жүрсөм, бирөө токтотуп, «бу киши Болот Шамшиев, а мен Темир Дүйшөкеев деген режиссер болом. Эртең киностудияга кел. Жаныңа досторуңду алып ал» деди. Бардык, улуттук кийимдерди кийгизип көрүп, «силер жарайсыңар» деп эле шарт-шурт«кеттик, балдар! Ысык-Көлдүн Покровка айылына барабыз» деп көз ачып жумгуча эле жөнөп калдык. Өзүм «Ысык-Көлдүн кызгалдактарында» Калматтын жигитинин ролун ойнодум, кошумча массовкага эл чогултуп жардам бердим. Белгилүү актёрлордон Сүймөнкул Чокморов,
Советбек Жумадылов, Алиман Жангорозова, Айтурган Темирова, Арстанбек Ырсалиевдер, анан Мукан Рыскулбеков бар. Массовка учурунда майрам: фляга-фляга бозолор буркулдап, ашып-ташып турат. Элдер ичип алып эле күжүлдөшөт. Болот Шамшиевге ошондой абал керек.

«Каяктагы балмуздак, винодон согуп алабыз!»

– «Көчө» деген кино – тарыхта кала турган тасма болду. Жалаң залкарлар тартылды. Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиевдер. Негизи бактылуумун. Алар менен бир тасмада тартылуу зор бакыт. Ар бири өзүнчө легенда. Кинодогу мен жактырып калган кыз бир аз тартынып, Геннадий Базаровду тердетип коюп атты. А мен баары менен аралашып жүргөнгө, жеңил ойнодум. А жерде эсте кала турган жагдайлар көп. Алсак, эки корозду чокуштура турган эпизод бар. Жаман убара тарттык. Бири-бирин тиктеп, экөө эки жакка басып кетет. Чай кашык менен арак беребиз, урушпайт, чай чыны менен берсек экөө эки жакка басып барып, жыгылып калды. Актёрлор «аракты андан көрө бизге берсе мушташып бермекпиз» деп тамашалап калышат. Съемка бүткөндөн кийин залкарлар отуруп алып карта чабышат. Мукем (Муратбек Рыскулов – авт) Тургун Бредалиевге «тигилердин колунда кайсы карта калды айтып тур» дейт. Ал болсо «асманда каргалар учат көкөлөп» деп калат же тигилердин колуна туз келип калса «дүкөндө банкадагы бадыраң бар бекен?» деп кыйытат. Ошентип Мукем бир заматта утуп алат. Анан Тургун экөөбүзгө «ме, балмуздак жегиле» деп акча берет. Каяктагы балмуздак, экөөбүз винодон согуп алабыз.

«Орозкулду көчүккө катуу тээп алып, кечирим сурагам»

– «Ак кеме» башталды. Безпроба эле чакырды. Ошо кезде Свердлов киностудиясында «Бүркүттүн бийи» аттуу тасмага тартылып аткам. Тувалыктар жөнүндө. Салт боюнча тойдун алдында жарым жылаңач болуп алып бийлешет экен. Чоң атамды Нурмухан Жантурин ойноду. Көп сөздөрүбүз окшошуп кетет. Биздикиндей бозүй, койго бата кылбай жүрөгүн мыкчып өлтүрүп, канын ичегисине куюп бышырып, «хан» деп коюшат. Биздин быжыга окшош. Этти болсо чала бышырат экен. Айрандан «араки» деп арак жасап конокторго берди. Кичине ооз тийип эле берки аракка өтүп кеттик. Борбору Кызыл шаарына бат эле кар жаап салды. Жайкы сезонду тартыш үчүн Душанбеге учуп келип, калган-катканын тартып бүттүк. Бу жакта «Ак кемеде» тартылып атам. Мында да залкарлар менен иштештим: Орозбек Кутманалиев, Асанкул Куттубаев, Алиман Жангорозова, Сабира Күмүшалиевалар. Бир эпизод бар, Орозкулду тепкен жери. Катуурак тээп коюпмун… аны мен кайдан билейин. Такыр эле сүйлөшпөйт. Салам берсем албайт. Сабира эже байкап калыптыр, «ай, аны билесиңби, Орозкул Момун чалды өтүк менен бетке чаап-чаап алган жерин? Ошол сыяктуу сага да тиги Момун чалды туурап сүйлөбөй, таарынып атат. Орозкул да Момун чалдын алдына түшүп, кечирим сураган. Сен да кечирим сурап кой» деди. Ортодогу бир койду сойдук, киного тартылып аткан актёрлордун баары эт бышкан учурда келди. Анан «Орозбек байке, Чыңгыз Айтматов ушундай жазыптыр, режиссер «теп» деди. Мен айтканын кылдым. Эми бир ачууңузду бизге берип, кечирип коюңуз!» десем эле, «эмне, режиссер «өлтүр» десе өлтүрүп салмак белең?!» деп ачууланып, мулжуңдап, анан алдындагы табакта жамбаш устуканын көрүп, бир-эки кесип жеп, калганын мага берип, «кечирдим» дегендей ишаарат кылган.

«Башка-көзгө койгулап, этин жеп, сорпосун ичкенде»

– Мени ушу даражага жеткизген Асанкул авама өмүр бою таазим этем. Ушу киши мени 8 жашымда шаар көргөзүп, улуу жашоого жол ачты. Бакты, какты. Мектепте окуп жүрүп каникулга чыкканда «бар, байкеңе жардам берип, кой багып, эт жеп, сорпо ичип, айран, сүт, каймак, боорсок же» деп айылга Асангазы деген инисиникине жиберчү. А киши чабан эле. Кой кайтаргандан ушундай тажачумун. Кыркынга салганда, күпкөгө салганда бир тажайсың. Койду көргөндө сабап-сабап жибергиң келет. Анык кой да! Орустар бекеринен «бараны» деп айтпайт тура. Башка-көзгө койгулап ийгиң келет. А этин жегенде баарын унутуп, жыргайсың. Өзгөчө казан башында ысык сорпо ичкендечи…

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *