Чубак ажы президенттик шайлоого катышам дейт…

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов президенттикке ат салыша турган максаты барын билдирди. Бул жагдай коомчулукту, ал түгүл бийлик сересиндеги төбөлдөрдү дагы чочутуп койду. Албетте, Кыргыз Республикасынын жараны болгондон кийин ким болсун шайлоого катышууга акысы бар. Ошентсе да бирок деген маселе жаралат. Учурда Чубак ажынын «фанаттары» арбын экени талашсыз. Шайлоого чыкса далай түйшүк жаратаары, шахматтык саясий жүрүштөрдү бузаары турган иш. Ошондон улам, бийлик сересиндегилер дин менен саясат эки башка экенин белгилеп, Чубак ажыны аламанга жеткирбей ооздуктап, шүк отур деп коюшу толук мүмкүн. Дегенибиз, буга чейин да парламенттик шайлоого катыша турган болуп, баш тарткан. Бул жолу да президенттик шайлоого катышуу максатын алдын ала айтып, бийликтин маанайын , байкап жаткандай…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *