Чубак ажы Жалилов: «Молдо депутат, президент болгонго тыюу салынбаган»

(уландысы. Башталышы мурунку санда)

Диний билим алабыз деп Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө кеткен биздин жаш уулдарыбыз бар. Алардын канчасы барып, канчасы келип жатканынын так эсебин билбейбиз. Бул да кооптуу нерсени жаратабы?

— Өтө кооптуу, алардын санын биз да билбейбиз. Анткени алар бизден сурабай кетишет. Паспорт сатылган учур абдан көп. Мына бүгүн эле сүйлөштүм, 500 долларга сага жаңы паспортту берип коёт экен. Ушундай жол менен каалагандар кетип жатат. Окуганга, дин үйрөнгөнгө эле кеткен жок. Ал жерде зулумдук болушу мүмкүн, азыр жада калса оозго алгыс Москва, Түркияга сойкулукка кетип жаткандай эле диний сойкулук кылып атышат. Ошондой эле динин сатып өздөрүнчө тыйын тапкысы келип кетип жаткандар дагы бар. Ал эми муфтияттан уруксат алып, окуу жайга кетип жаткандардан эч качан коркпош керек. Өзү кетип жаткандар коркунучтуу. Булар мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн. Булардан мен дагы, Уламалар кеңеши, Муфтият дагы кадимкидей коркобуз. Ошон үчүн жок эле дегенде бизде окуп, алиппени үйрөнүп бүтүп, ушул жерде каада-салтка ыңгайланышкан өзүбүздүн салттуу динибиздин түркүктөрүн окугандан кийин баргыла деп айтабыз. Жаңы эле мектепти бүткөн баланы кетиргенге эч кандай сунуш кыла албайбыз. Ошондой эле муфтияттан эки жыл окумайынча эч качан жолдомо кат берилбейт, ушундай саясат бар. Эми муфтият өтө одоно айтканда бир НПО сыяктуу эле уюмбуз. Эч кандай мамлекеттик күчүбүз жок. Кадыры болушу мүмкүн, бирок бийлик таптакыр жок. “Аты улук, супурасы курук” деген сыяктуу. Ошол үчүн биз түшүндүрүү менен гана чектелип калдык.

— Жакынкы Чыгышта 600 жүздөн ашык жаран согушуп жүрөт. Алардын бирден-бир эле түшүнүгү динге кызмат кылып атабыз дешет. Аларды кантип токтото алабыз?

— Бизге 580ден ашык жарандар Сирияга кетти деген маалымат келип түшкөн. Анан мен өз демилгем менен Аравиядан Муса Шариф деген чоң профессорду чакырып, түштүктө бир жума, түндүктө бир жума лекцияларды өткөрдүк, райондорду кыдырдык. Аравиядан келген профессорго тилчи кошо алып, адамдарга түшүндүрүү ишин жүргүзгөндөн кийин адамдардын кетүүсү токтоду. Демек, түшүндүрүү иштери зарыл экен. Адамдарды камагандан, өлтүргөндөн, тоскондон токтобойт экен. Адамдарды канааттандыра турган аянтча түзүш керек да. Аларда суроолор бар, ошол суроого жооп берүү абзел. Ачык чыгып сураса аны камап коёт. Мына ушундай суроолорго берилген жооптордон кийин адамдардын көңүлүндөгү кирди жууган соң, жанагы бүдөмүк ойдогулар токтоп калат. Экинчи маселе, туура алар динге кызмат кылып атабыз, бейишке чыгабыз деп барат. Бирок жетери менен ошол ниетинен кайтып кетишет. Анткени алар элестетип барышат да башка нерселерди көргөндө алардын ою жомок экенин түшүнүшөт. Мен аны ушул жерде отурганым менен так элестетип атам. Ал жерде абдан чоң Исламдын, уникалдуу түзүлүштүн бир да жыты жок экендигин көрүп атабыз. Бирок кайтканга кеч болуп, аялдар коргонго түшүп, эркектер өлүп калды, ушундай жолдор менен алар кайта албай калышты. Ал эми жанагыдай сүйлөп жаткандар жөн эле монтаж. Анан ошолордун ичинен бир дагы аалым, медреседе окуган адамдар жок. Бүт чала сабаттар кетип жатат.

— Жакында эле интернеттен үч баланын президентке берген кайрылуусун көрдүңүз да. Ошону динди саясатташтырып ийдик деп ойлогон жоксузбу?

— Мен алардын сөзүн диний сөз катары кабыл алган жокмун. Аларды актёрлордой эле көрдүм же саткын адамдардай эле бааладым. Аларды мусулман катары, дегеле өзүмүн тарапташым катары көргөн жокмун. Ал жерде дин дагы, саясат дагы жок. Ал жерде жөн эле бузукулук жатат, башка маселе жок.

— «Жихад» жарыяладык деп мусулман адамдар бири-бирине согуш ачып жатат. «Жихад» кандай учурда жарыяланат?

— Аны Момбеков деген депутаттан сурап көргүлө. Ал мени террорист деп айтты, ошол билет болуш керек. Жихад бул намаз, орозо, зекет сыяктуу касиеттүү түшүнүк. Бул эгемендүү мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактап калуу үчүн ыйык согуш. Бирок тилекке каршы адамдар муну башка жакка пайдаланып атышат. Кимде-ким душманын, көрө албагандарды өлтүргүсү келсе, нефть, бийлик талашса бири-бирине жихад жарыялап жатышат. Бул эч кандай жихад эмес. Сулайман-Тоого, арбактарга, Байтик атанын күмбөзүнө барып сыйынып, ошол жакта намаз окуп, Кудайга жакын болуп атабыз деп жатышпайбы. Бул ширк деген болот. Ошол сыяктуу эле көрүнүш. Жихад деген касиеттүү түшүнүктү адамдар бурмалап жиберишти. Мунун башталган тарыхы Афганистандагы СССР менен болгон согуштан башталган. Ошол жерде СССРге каршы жихадды мусулмандар эмес, балким Америка ойлоп чыгарган дагы, ошолордун айтымы менен Афган жихады пайда болгон. Бул эч кандай жихад болгон эмес, буларда эки чоң державанын күрөшүн жихад деген ат менен киргизген. Ошол Афган жихадынын куйругу азыркы Сириядагы «ДАИШ» ислам террористтик тобу.

— Бизде баардыгы саясатташып кетпедиби, молдокелер дагы саясатка кирип кетип жатат. Ушул нерсе туурабы?

— Эмнеге туура эмес? Молдолор эмнеге аралашпашы керек? Туура, биздин мыйзам боюнча диний негизде партия түзгөнгө тыюу салынат. Бирок молдо депутат, президент болгонго тыюу салынбаган. Саясатты сөзсүз эле алдамчылык, эки жүздүүлүк деп түшүнө турган болсок, андай саясаттын, жең ичинен пайдаланып өзүнүн жумушун бүтүрө турган болсо кереги жок. Баардыгы туура болуп, Кудайга жага турган болсо эмне үчүн болбосун?

— Саясатчылар шайлоо маалында молдокелерди кол топтош үчүн пайдаланган учурлар кездешет. Ушул туура элеби?

— Ал саясатчылардын уятындагы, абийириндеги маселе. Эгерде бир молдону өзүнүн партиясына чак кызматын кылып берсе деп чакырып жаткан болсо анда жакшы. Эгерде биз кол топтогуча элди тартып берсе, шайлоодон кийин айдап жиберебиз дешсе анда бул жаман пикир.

— Сизди шайлоо учурунда көп партиялар өзүнүн катарына кошконго аракет кылышты. Ойлонуп атам деген да жообуңузду айтып, кийин барбай турган чечимиңизди чыгардыңыз. Бага эмне себеп болду?

— Ошол жакка барганымды, барбай койгонумду элестетип көрдүм. Дароо эле жок деп айтсам туура эмес чечим болуп, жоопкерсиздик болуп калгыдай. Балким мен парламентке барсам элге көбүрөөк пайдам тийет эле деген ой келет да. Ошол үчүн мен ойлонгонго мүмкүнчүлүк сурадым, дароо жооп берген жокмун. Кийин анализдеп көрдүм, эгерде депутат болуп калдым жана депутат болгон жокмун деп. Кадимкидей эле жазып алып пайдасын, зыянын карап көрдүм. Аягында менин депутат болбой туруп кызмат кылганым көбүрөөк пайда болду да, ошол жакты тандап алганды туура көрдүм.

— Саясат демекчи, президент дагы сизди маалымат жыйында сындап өттү эле. Өзүңүз деле уксаңыз керек. Ошол сынды кандай кабыл алдыңыз?

— Ошол сөздөн кийин өзүмүн кадыр-баркымдын жогору экенине кадимкидей ынандым. Анткени мамлекеттин президенти жөн эле адамды сындай бербейт. Ошол жерде өтө чоң адамдарга сындар айтылды. Ошонун катарында мен дагы падышанын оозуна түшүп калганым мактоо деп ойлойм. Ошондуктан мен президентке ыраазымын. Анткени, “Күндүн көзүн көргөн тоңбойт, хандын көзүн көргөн өлбөйт” деген жакшы сөз бар. Анан ошол кишинин оозуна түшүп атсаң демек менин аракетим бар экен, иштеп атыптырмын, мамлекет башчы тарабынан сын айтылып жатат. Мен президенттин сынын мындан дагы чыйралыш керек экен деп мактоо катарында кабыл алдым. Ислам көз карашында жемелөө жаман көрүүнүн белгиси эмес, жакшы көрүүнүн белгиси деп да эсептелинет.

— Сизди Өкмөттүк ММКдан чыкпасын деген чечим чыгарды эле. Ошол маселе кандай чечилип жатат? Сизге кайра уруксат беребиз деп жатышабы?

— Чыкпасын деп кагаз түрүндө чечим чыккан эмес. Болгону мен чыгып жаткан студиялардын эшиги жабылып калганынан эле ошондой чечим болгонун түшүндүм. Кээде кагаздагы протоколдорго караганда оозеки буйруктар күчтүү болот. Жигитче сөз алышуу, кол беришүү дегендей. Азыр «Марал» радиосунан чыгып атам. Жеке телеканалдардан чакыруу болду. Мен барган жокмун. Анткени кайсы бир деңгээлде урмат- сый да көрсөтүш керек. Бирок референдумдан кийин чыкса болот деген кабарларды угуп жатам. Бирок менин оюмча ошого чейин дагы чыгуу актуалдуу деп эсептейм. Себеби, тынчтык, ынтымак, адилеттүүлүк жөнүндөгү сөздөр азыркы учурда айтылып турушу керек деп ойлойм. Абысын айтыш болуп аткан учурда молдолордун сөзү өтө зарыл. Маселен Ош окуясында Абдышүкүр ажы тынбай сүйлөп турган. Бирок ал убакта аны ким угат эле. Ал убакта телевизор турмак свет жок болчу. Телевизор көрө турган убакыт эмес эле, ошого чейин айтылып турганда мына ошондо жардамы тиймек. Адамдар дайым ушундай тооктой болуп кези келгенде сүйлө деп калышат. Бирок кеч болуп калган болот. Шайлоо убагында адамдардын тамагына акча, тамак тыгылып калганда айткан болбойт, кеч болуп калат. Ошого жеткизбей тарбиялаш керек. Кээ бир адамдар Чубак ажы оозуна келгенин сүйлөй берет деп ойлойт экен. Мен кыргызмын, кыргыздын молдосумун, кыргыздын молдосу кыргызга кыргызча эле айтып келген. Ошондуктан молдокелерди ММКдан чыгарбай коюу элибиздин руханий көрөңгөсүнүн баюусуна зыян келтирип атат.

— Жакында эле парламент жашы жете элек өспүрүм кыздар боюнча мыйзам кабыл алды. Анда жашы жете элек кыздардын никесин кыйган молдолорду, ата-энесин жазага тартуу каралган. Ушул мыйзам туура эле кабыл алынды деп ойлойсузбу?

— Эгерде никенин шарттары туура эмес болуп, кыздын макулдугу жок же никеге турууга жарамсыз болсо андай учурда шарият муну дагы четке кагат. Бирок бул жерде мыйзамдын түпкү максаты башка нерседе турат да. Бул акыйкат сөз менен акыйкатсыздыкты талап кылуу дегенге туура келет. Ошол эле 17ге чыккан кызды турмушка берип койду деп ызы-чуу кылып атып, 17ге чыкпай боюна болуп калып 15 жашында боюнан алдыргандар толтура болуп атпайбы. Мектептерде текшерүү жүрүп айтылып атпайбы. Өткөндө ханайым дагы канча пайыз кыздар кыз эмес экен деп айтты. Үйүнүн түбүндө эле өбүшүп жатпай, күйөөгө тийгени жакшы. СССР убагында деле бул мыйзамдар жок эле. Азыркы убакта 18де үйлөнүш керек деп айтылып атпайбы. Илгери 17де уруксат берилип, 16 да зарыл болсо деп айтылган адилеттүү мыйзам эле. Азыркы мыйзам ишке ашпаган чийки мыйзам. Өтсө деле иштебейт. Андай мыйзам бизде бир кап.

— Педофилдерге өлүм жазасын киргизиш керек деген сунуш айтылып атат. Буга кандай карайсыз?

— Мен ушул мыйзамды колдойт элем. Анткени дин да колдойт. Динде кылмыш жазаны өлүм жазасына чейин берсе болот. Аны бычып коюп, дагы башка кылбай эле өрттөп жок кылыш керек. Ислам дининде бир адам бир адамды өлтүрсө ага өлүм жазасы берилиш керек. Бизде ал жаза алынып салынган. Мындай жаза Американын кээ бир штаттарында, Кытайда бар экен. Эмнеге бизде алып коюшкан билбейм. Адам өлтүргөн кишиге кийинки жолу өлтүрбөйт деп кепилдик берүү кыйын. Бул деген оору, өлүм жазасын колдош керек. Жада калса Президентибиз деле көтөрүп чыкпадыбы.

— Ислам дининде эки агым бар да, сунниттер менен шииттер. Биз өзүбүздү сунниттер деп эсептейбиз. Акыркы убактарда шииттердин саны өсүүдө. Булар коркунуч жаратпайбы?

— Сөзсүз коркунуч жаратат. Сирия, Йемен, Ливан, Ливия ошонун кесепеттерин тартып жатышат. Мына бизде «Агахан» ачылды, бул ошол шииттердин бир бөлүгү. Бул дагы 15–20 жылдан кийин келечектеги Сирия деген сөз. Мына Ошто «Ахмадилер» тарап кетип атышат, мени сотко берип жүрүштү. Бизге бир канча агымдын жамаатынын кереги жок. Кыргыз ушундай эл экенбиз, арак ичип үйрөндүк эле орустан өтүп кеттик, жылаңач болдук элек кыздарыбыз көчөгө чыгып алды. Орусча үйрөнүп алдык эле орустар көчөдө калмак болду. Эми сектага бөлүнсөк, кыргыздык жашоонун төрүнө чыгып алат. Ошон үчүн бизге мунун кереги жок. Дегеле дин жаатында демократиянын “Д” сынын да кереги жок эле. Шииттер акырын балдарыбызды окутуп жатат. Биздин балдар эртеңки Сирияга даяр болуп жатат да. Бул өтө коркунучтуу. Алар мен сени жаман жакка үндөйм деп айтмак беле. Булар акырындык менен таасир берип отуруп өздөрүнө каратып алып кыргызды экиге бөлөт. Биздин жерибизге көз артып, базаларын киргизгенге кызыккандар толтура болуп жатпайбы. Сирияда 15 жыл мурда бул проблема жок болчу. Бизде азыр эч кандай коркунуч жок, каалаганыңы кыла бер. Бирок 15 жылдан кийин азыркы Сирия даяр турган болуп калышы толук мүмкүн.

— Динде коррупция жок деп эсептейбиз да, молдолордун ичинде пара алгандар кездешеби?

— Кездешет, молдо деле адам, ал периште эмес. Дин башка, мусулман башка. Мончого кирген бир адам аппак болуп чыкса, бир адам башка бирөөнүн кирин жугузуп чыгышы мүмкүн. Ошондуктан мусулман болгон адамдын баарын идеалдуу карап албашыбыз керек. Ислам таптаза дин. Сиз сотто үч жыл жүрдүңүз, ошондо жеп койдуңуз беле деген мааниде айтып жатасыз го. Мен жеген жокмун, болгону мыйзамда чалагайым болгон себептен салык төлөгөн эмесмин. Ошондо 8 млн сомду жеп койду деп «Вечерний Бишкек» гезити жазып чыккан. Аны сотко берип натыйжада утуп чыктык. Алар 30 миң сомго доого жыгылган. Башында бир сомго доого берсемби деп ойлогом. Кийин утуп алган акча ажатканаларга кагаз алууга кереги тийсин дедим. 30 миң сомго ажаткана кагазын алып, мечиттерге таратабыз.

Маектешкен Үсөн Абдирашит уулу

Булак: “Жаңы ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *