Чудиновдун чууруган чудолору “дым-дым” болдубу?

Экс-өкмөт башчы, азыркы «Бир Бол» партиясынын көмүскө кошелегу, айтылуу «чудолору» чубалган Игорь Чудиновдун айланасында коррупциялык чатак уу-дуу болуп келип эле «дым-дым» болду. Кылмыш иши козголду, тергөө болду, анан айран ичкен Чудинов кутулуп, челекти жалаган башкалар тутулуп калды. Ал уу-дуу кептер Игорь мырза тээ өкмөт башчы болуп турган кезеңге барып такалат. Чудинов өкмөт башында турганда «Кыргызгаз» менен «БЭК» аттуу ортомчу фирма аркылуу бир топ пулду адалдаптыр.

Ага ылайык Чудинов «Кыргызгаздан» алган газды өлкөдөгү ири ишканаларга сатып, ортодон 25 миллион доллар пайда көргөндүтү айтылган. Деги бул киши кыйын экен. Дордойдо контейнерде сатуучу болуп олтуруп эле министр боло калган, андан аз өтпөй өкмөттү башкарып чыга келген «чудо» мырза былык-кылыктарына жооп бергендин ордуна, суудан кургак чыгып кетти. Уялбай мен акмын деп актанып келет. Минтип актанганын Игорь мырзанын Иисус Христосу деле кечирбейт го, ыя?

Булак: “Де-факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *