Чүй, Жалал-Абад жана Нарын облустук сотторуна дайындалган судьялар ант беришти

Бүгүн, 13-майда Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин  2019-жылдын 8-майындагы ПЖ №60 Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. 

Кыргыз Республикасынын  Президентинин  2019-жылдын  8-майындагы  ПЖ № 61 Жарлыгы  менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн  Жалал-Абад облустук сотуна  — Чоноев Адилет Адамжанович, Чүй облустук сотуна — Мурзалиева Жыргал Нуржановна, ошондой эле Нарын облустук сотуна — Бакиров Кайридин, Малдыбаев Нурлан Малдыбаевич, Мелсов Женишбек Мелсович, Мукамбетов Улукбек Кубанычбекович жиберилди.

Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымы жаңы дайындалган  судьяларды  куттуктап, берген антка   бек турууга  чакырды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *