Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын алты акими кызматтан алынат

Алты райондук администрациялардын жетекчилери кызматтан алынат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн отурумунда айтылды.

Чүй облусунун эки акими- Москва районунун администрация жетекчиси Азамат Эсенбеков менен Кемин районунун жетекчиси Жумгалбек Дүйшөбаевдер кызматтан бошотулат.

«Бул өтө катуу. Биз менен макулдпшуу керек эле. Алардын кээ бирлери өзүлөрү арыз алып келишти»,-деп нааразычылыгын билдирди Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун эки акими – Токтогул районунун жетекчиси Нургазы Сатымкуловду жана Аксы районунун акими Масалбек Мырзакматовду, андан сырткары Ысык-Көл облусунун эки райондук жетекчилери – Ак-Суу районунун акими Улан Доконбаев менен Тоң районунун жетекчиси Таалайбек Адиевди да кызматтан алуу сунушталууда.

Андан сырткары, Базаркоргон, Ноокен, Жети-Өгүз, Өзгөн жана Лейлек райондорунун акимдери  сөгүш алышты.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *