Чүйдө унаалардын аккумуляторун жана магнитофонун уурдоого шектүүлөр кармалышты

Аккумулятор уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы бүгүн, 12-февраль күнү билдирди.

Алардын айтымында, Москва районунун ички иштер органдарына жергиликтүү жашоочулардан төрт
арыз катталган. Алар «Мерседес-Бенц», «Урал», «Дэу-Лабо» жана «Мерседес-Спринтер» автоунааларынан белгисиз адамдар аккумуляторун жана магнитофонун уурдап кетишкенин билдиришкен.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Москва районунун жашоочулары 21 жаштагы О.Т., С.Ж. жана 22 жаштагы Ж.А. аттуу жарандар кармалышкан.

Кармалган балдардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *