Чуу чыккан жерден Разаковдун кулагы чыгат…

Баткендеги чек ара чырынан кийин вице-премьер министр Жеңиш Разаков Тажикстандын тыңчысыбы деген маселе кайрадан козголду. Бул жолу Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрүнүн оозу аркылуу айтылды. Ал түгүл Разаковдун кызматтык ишмердүүлүгүн текшерип чыгуу талабы коюлуп, УКМКга тапшырма берилди. Мындай чуулуу жагдай коомдо кызуу талкуу жаратты. Төө кыядан өткөн соң, Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат жалган жана тек гана чагымчыл мүнөзгө ээ деген билдирүү таратты. Азырынча УКМК үн ката элек… Жеңиш мырза өзү да ак же көк дебей билмексен.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *