Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп дайындалды

Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп дайындалды. Тишелүү буйрука президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмөн билдирди.

Айдарбеков Чыңгыз Азаматович 1977-жылы Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1998-жылы Кыргызстан эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. 

Эмгек жолун 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ Башкы башкармалыгында атташе кызмат ордунда баштаган.

2001-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Башкы башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болуп кызмат өтөгөн;

2003-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Башкармалыгында биринчи катчы;

2005-2008-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинде биринчи катчы, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү;

2008-жылы – Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;

2008-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилигинин кеӊешчиси;

2011-жылы – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

2012-2016-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси;

2016-2018-жылдары – Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.

Булак: Кyrgyztoday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *