Чыңгыз Макешов: “Бизнести интернет дүкөндөн баштагыла”

Азыр насыя алып, банкротто учурап, үйүн алдырып, ал эле эмес ден соолугунан ажыраган жарандарыбыз көп учуроодо. Адатта насыя аны алган адамдардын уктаса түшүнөн кетпеген, ойгонсо оюнан чыкпаган жабышкак илдетке айланат. Биз бул жолу өкмөттүн алдындагы ишкерлерди колдоо фондунун жетекчиси, келдикени “келдике” кылган Чыңгыз Макешов менен Кыргызстандагы банк системасы тууралуу кеп улап кайттык

Колдогонго жараша насыяны пайызсыз берели

Бир жарым жылдан бери өкмөттүн алдындагы ишкерлерди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп иштеп атам. Фонд 1992-жылы ишкерлерди колдоо максатында түзүлгөн. Бирок аталган фонд азыр бизнести колдоп атат дегенге өзүм ушул фонддун жетекчиси болуп туруп кошула албайм. Анткени 24 пайыз менен берилген акча ишкерди өстүрбөй эле кайра артка тартат десек болот. Насыя качан пайызсыз берилгенде гана бизнес баштаган адам бутуна турат. Мен какшап эле айтып, эшик каккылап жүрөм. Атайын долбоор баштап, аны премьер министрге чейин көрсөттүм. Долбоордун мазмуну мындай болчу. Мисалы бир адам 1 млн сом пайызсыз акча алды дейли. Долбоор эрежесине ылайык, ошол адам кеминде 5 адамды жумуш орду менен камсыз кылышы керек. Эгер баары мыйзамдуу болуп, ар бир жумушчу жок дегенде 8-10 миң айлык алса, алардын соцфондго жана киреше үчүн төлөгөн салыгы жалпы 250 миң сомду түзөт. Бул акча мамлекеттин өз чөнтөгүнө түшөт. Андан тышкары жаштар жумуш менен камсыз болот. Ишкер пайызсыз акча алат. Ал эми 24 пайыз менен берилген 1 млн. сомдон 240 миң сом пайда түшүп атат. Ойлонуп көрсөк, насыяны пайызсыз берүү менен бардык жагынан утуп атабыз. Бирок бул сунушка эч ким көңүл бургусу келген жок. Атүгүл мурдагы премьер министр Темир Сариев фондду ратификация кылып, сатыкка чыксын деген чечим чыгарып жиберүүгө үлгүрдү.

Уурдамай токтосо, ишкана өнүгөт

Бизде “Мамлекет начар менеджер. Кайсы тармак болбосун иштете албайт. Акыр аягы алып барып аңга тыгат” деген түшүнүк бар. Чынында эле ошондой, аны эч ким тана албайт. Ушундан улам опол тоодой киреше алып келе турган булактардын баарын сатып жок кылдык. Эми акчаны кайдан табарыбызды билбей аңкыйып отурабыз. Чынында мунун баары уурдамайдын кесепети. Түшкөн кирешени туш тарабынан талап атса, албетте ал ишкана артка кетет да. Эгер кайсы кана жетекчи болбосун тамагын тыйып, уурдаганды токтотсо эле ишкана кирешелүү булакка айланмак. Уурдаганды жазалоонун ордуна, банкрот болду деп сатып жиберүү менимче туура эмес.

Банк тармагы ооруларды көбөйтүүдө

Азыркы банк тармагындагы эң чоң проблема – акчаны алдын-ала эсеби жок берилгендигинде. Кардардын күрөөгө койгон бир нерсеси болсо эле сураган акчасын бере бермей. Ал күрөө өзүнө тиешелүүбү же башканын мүлкүбү, алган акчасын актай турган иш баштап жатабы, же тойго жумшаганы жатабы, иштери жок. Иши кылса төлөй албай калса алып койгонго кымбат бир нерсе турса болду. Унааңды бирөө сураса “Айдай аласыңбы, күбөлүгүң барбы?” деп сурайсың да туурабы? Мында деле ошондой болуш керек. Мына ушундай системанын кесепетинен адамдар инсулть, инфаркт, же ушул сыяктуу ооруларга чалдыгып атат. Мен муну өз көзүм менен көрүп атам. Бизге кайрылган адамдардын көбү мурун насыя алып төлөй албай, үйүн алдырып, ишти кайра нөлдөн баштайм дегендер. Оорулардын көбөйүшүнүн бирден бир себеби азыркы банк тармагы деп эсептейм.

Ислам карыжлоо системасына өтөлү деп турабыз

Биздин фонд ушул банктардын бирин кайталап калбасын деп, каржы караңгылыгын жоюу максатында азыр ар кандай телеберүүлөрдү даярдап, телеканалдар аркылуу көрсөткөнү жатабыз. Миң уккандан бир көргөн артык дегендей, ар кандай брошюра, семинар өткөрбөй эле, азыр стартап проектилерди тартып атабыз. Ал рекламалык роликтерде бизнес башынан аягына чейин сүрөттөлөт. Биз кардарга бизнес план жазып, эсептеп, санап беребиз. Анан акча берип, үстүнөн көзөмөл кылып, ошонун аягына чейин шериктеш болуп, ишке ашырганга аракет кылабыз. Кыргызстанда насыяга жалпы элдин көз карашы терс. Анткени калктын 90 пайызы мусулман. Ал эми ислам дининде насыяга акча берүү арам оокаттардын катарына кирет эмеспи. Ошол себептүү улуттук банкка кайрылып, ишкерлерди өнүктүрүү фондун ислам каржылоо принциптери менен иштегенге уруксат алып жатабыз. Исламдык каржылоо деген сен ишкерге насыя бербейсиң, ага шериктеш болосуң. Аны менен үлүшкө отурасың. Ал пайда тапса сен да табасың, ал күйсө сен кошо күйөсүң.

Кыргызстанда көбүнчө адамдар насыяны айыл чарба багытына алат. Бул тармакта банкрот болуу коркунучу өтө чоң. Мисалы былтыркы көрсөткүчтөрдү алсак, картөшкөнүн баасы 2.5 сом, төө буурчак 20 сом болду. Бул баа алган насыя түгүл, кеткен эмгекти да актаган жок. ЕАЭБге кирип, Орусия Казакстанга товар сатабыз деп жыргап аттык эле, баары теңирден тескери болуп чыкты. Жашылча базарга барсаң Орусиянын помидору, мал базарда Казакстандын малы сатылып атат. Азыр бизде эттин баасы көтөрүлүшү кыйын болуп турат. Анткени эт Орусияда 175 рубль экен. Ошентип биздин товар атаандаштыкка туруштук бере албай калды.

Бирөөнү туурасаң өнүкпөйсүң

Негизи Кыргызстанда каалаган ишиңди жүргүзүп кетсең болот. Анүчүн элди туурабай, жаңы нерсе сунууну билишиң керек. Мисал катары өзүм негиздеген “Келдике” зер буюмдарын алалы. “Келдике” эмне үчүн ийгиликтүү компанияга айланды? Мындан 15 жыл мурун элдин баары Италия, Францияны мода тутуп турган. Сөйкө алса деле, шакек алса деле италияныкын талап кетишчү. Кыргыздын нукура сөйкө-шакектерин саткан адам жок эле. Бирок биз Италиянын зер буюмдарын туурап жасаган жокпуз, аларды ээрчиген жокпуз. Биз өз жолубуз менен кеттик. Элге жаңы, элде жок нерсени сунууну эп көрдүк. Моданы эч качан кууп жете албайсың. Аны бир гана жол менен кубалап жетип, ашып кетсең болот. Ал жаңы нерсе сунуу. Азыр “Келдике” Орусия, Англия, Кытай, Индияга сатыкка чыгууда. Ошол эле маалда аталган өлкөлөрдөн “Келдикенин” жасалмалары чыгып, кайра Кыргызстанга келип атат. Муну мен жетишкендик катары баалайм. Бизди бирөө туурап атат деп кубанам. Бирок жасалманы карап алып, жакшырак жасап койсо болмок деп өкүнөм. Негизи биз бирөөнү туураганды жакшы көрөбүз. Туурамай бардык тармакта бар. Чыгармачылык болобу, бизнес, индустрия болобу, кыскасы баардык жаатта туурамай күч.

Акчаны интернетке салгыла

Эгер мен Бишкекте болсом, жаш болсом, завод-фабрика курганга акчам анчалык көп эмес, азыраак болсо, анда каражатымды интернет айдыңына жумшамакмын. Азыр дүйнө жүзүндө, ошондой эле Кыргызстанда да киреше алып келе турган булактардын бири интернет дүкөндөр болуп калды. Анткени интернет дүкөн аркылуу дүйнө жүзүнөн кардар таап, сатууга болот. Төлөө системасы азыр опоңой. Кыштын күнү контейнерде бүрүшпөй кааласаң үйдө, кааласаң көчөдө баратып ишиңди кыла бересиң. Дүкөнүң 24 саат ачык болот.

Кара күч жумшоо айла жоктун иши

Байлыкка эмгек менен аракет жеткирерин баары билет. Бирок эмгектин да түрү бар. Анын биринчи түрү – баркы жок кара жумуш. Кара жумуш менен күнүнө 600-700 сом табасың. Кыйратып иштесең 2-3 миң сомго жалданып иштейсиң. Эмгектин экинчи түрү болсо жөндөмү барлардын эмгеги. Жөндөм менен бир нерсени үйрөнүп билип алгандан кийин, кара жумушчуга караганда көбүрөөк акча табасың. Алар ар кандай кесиптин ээлери болушу мүмкүн. Бирок эң көп акчаны кара күчүн эмес, жөндөмүн эмес, мээсин иштетип, мээси менен кызматташкан адамдар табат. Мисалы, Газпром менен “Apple” компаниясын салыштырып берейин. Газпромдун кирешеси жылына 400 млн., ал эми Apple компаниясыныкы болсо 600 млрд. долларды түзөт. Бул жерде Газпром компаниясы жерден чыккан мунай менен ушундай кирешеге жетип атат. А Apple болсо жок жерден бар кылып атат. Appleди Apple кылган Стифф Джобсдун мээсин айтпай коюуга болбойт.

Баарынын эле мээси иштеп кетсе кара жумушту ким кылат деп ойлошуңар мүмкүн. Мен бала чагымда үй-бүлөбүз менен кызылча экчүбүз. Төрт адам биригип 2 гектар кызылча бакчубуз. Өткөндө айылга барып калсам, бир жаш бала жапжалгыз 30 гектар кызылча багып атыптыр. Германиядан комбайн алган экен, сепкенди, отогонду, жулганды, чогултканды да ошол кылат экен. Ушундай мүмкүнчүлүктөр турганда кара күчтүн не кереги бар? Кара күч айла жоктун иши. Эгер байлык кара күч менен бааланса дүйнөдөгү эң бай адамдар жүк ташуучулар болмок деп ойлойм.

Акылай Туткучева

Булак: Саресеп

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *